AVN







КЫРГЫЗТЕСТ

КЫРГЫЗТЕСТ
 May 26, 2023  272

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомунун алкагында жүргүзүлүп жаткан тест графигине ылайык, 2023-жылдын 10-23-май күндөрү Жалал-Абад шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында улуттук “Кыргызтест” системасы боюнча тест Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин базасында уюштурулуп, өткөрүлдү.

Бул саамалыктын алкагында 19-22-май күндөрү алдын ала түзүлгөн графиктин негизинде университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери улуттук “Кыргызтест” системасы боюнча тестирлөөдөн өтүп жатышат.  Университеттен тестирлөөгө жалпы 204 кызматкер катышышты.

Бул иш аракеттер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил өнүгүүсүнө жана кыргыз тилинин сакталуусуна, жайылтуусуна салымын кошот.

  • КЫРГЫЗТЕСТ
  • КЫРГЫЗТЕСТ
  • КЫРГЫЗТЕСТ