AVN







ЭЛ АРАЛЫК МУЗЕЙЛЕР КҮНҮ

ЭЛ АРАЛЫК МУЗЕЙЛЕР КҮНҮ
 May 23, 2023  312

Алдыңкы тажрыйба борборунун гуманитардык илимдер ПЦКнын окутуучусу Байышбек кызы Аида 18-май Эл аралык музейлер күнүнө карата КМТШИ-3-22 тайпасынын студенттерин ЖАМУнун тарыхый-этнографиялык музейине алып барды.

Музейге баруу адамдын чыгармачылыгын, жан дүйнөсүн  жана фантазиясын ойготот. Музей эң сонун байкоонун , өз ара аракеттенүүнүн жана ой жүгүртүүнүн жери. Ал жерде бир нече окуялар , башка мезгилдерден , башка элдерден ар кандай иш-аракет, ой жүгүртүү ыкмалары колдонулат.Студенттер музейдеги тарыхый табылгалардын тарыхы , кыргыз элинин улуттук наркы менен таанышышты. ЖАМУнун музей адиси К.Ташматова жана тарых кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Г.Анарбаева студенттерге ЖАМУнун 100 жылдык тарыхын студенттерге баяндап, студенттер кызыккан суроолорго жооп беришти.

  • ЭЛ АРАЛЫК МУЗЕЙЛЕР КҮНҮ