AVN







ОКУУ ТАЛАА ПРАКТИКАСЫ

ОКУУ ТАЛАА ПРАКТИКАСЫ
 May 23, 2023  300

Б.Осмонов атындагы  ЖАМУнун медициналык факультетинин  медициналык-биологиялык дисциплиналар кафедрасында 2023-жылдын 20-майында “Ботаника” предметинен окуу талаа практикасынын практика алдындагы конференциясы болуп өттү. МБД кафедрасынын кафедра  башчысы  К.Асанова  конференцияны ачып практикага баруунун эрежелери  өсүмдүкөрдү жыйноонун тартибин айтты.

Конференцияга практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы жана кафедранын окутуучулары катышты.Фарм-1-22 тайпасына  практика боюнча жетекчи Бекболотова Э. окуу талаа  практикасына баруунун эрежелери  коопсуздук нускамалары менен тааныштырды. Өсүмдүктөрдү чогултуу жана кургатуу гербаризациянын негизги ыкмалары жана техникасынын эрежелерин айтып түшүндүрүп берди.

  • ОКУУ ТАЛАА ПРАКТИКАСЫ
  • ОКУУ ТАЛАА ПРАКТИКАСЫ