AVN







КОНФУЦИЙДЕ КЫЯЛДАР ОРУНДАЛАТ

КОНФУЦИЙДЕ КЫЯЛДАР ОРУНДАЛАТ
 May 22, 2023  212

2023-жылдын 19-майында «Борбор Азия – Кытай» биринчи саммитине карата Кыргызстандын орто мектептеринин окуучулары үчүн XVI "Кытай тили – достуктун көпүрөсү" Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу жана Конфуций институту тарабынан уюштурулган финал Бишкек мамлекеттик университетинин концерттик залында ийгиликтүү өттү.

Бул финалга Бишкек мамлекеттик университетинин Конфуций институтунан, Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институтунан, Ош мамлекеттик университетинин Конфуций институтунан жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Конфуций институтунан он эки катышуучу катышты.

Иш-чара үч бөлүктө өттү: Кытайча монолог, билим викторинасы жана таланттар шоусу. Финалдык беттешүүгө бардык жаш катышуучулар чоң даярдыкта шыктануу менен келишкен. Суроо-жооп сессиясында жакшы ойлонууга,  эркин жооп берүүгө шарттар түзүлүп берилди. Таланттар шоусунда окуучулар тарабынан поэзия окуу, Хуанмэй операсы, кытай ырлары, чай майрамы, сүрөт тартуу, классикалык бий жана башкалар аткарылды. Сынактын катышуучуларынын үч этаптан алган баллдары калыстар тобу тарабынан бааланды.

ЖАМУнун алдындагы Конфуций институтунан барган Манапбаева Аяна менен Арстанбекова Айзат “Сынактын мыктысы” баасына ээ болушту.

Аяна мектепти аяктагандан кийин бакалавр даражасын алуу үчүн Кытайга барып окуп, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилеге жана кызматташууга өз салымын кошоорун максат кылып келет.

Айзат болсо, бул конкурска катышуу үчүн активдүү даярданган, жана кошумча иштөөгө мүмкүнчүлүк тапкан.

Окуучулардын өз жөндөмүнө ишенүү жана өзүн-өзү өркүндөтүү эрк-күчү мактоого татырлык болду. Эки окуучу тең бул иш-чарадан өзгөчө таасир алышканын, кытай тилин үйрөнүүгө болгон ишениминдери дагы да артканын жашырышкан жок.

Аталган конкурс жыл сайын жогорку деңгээлде уюштурулуп, Кыргызстандагы кытай тилин үйрөнүүчүлөрүнүн өз кыялдарына жетүүгө өбөлгө болуп келүүдө.

  • КОНФУЦИЙДЕ КЫЯЛДАР ОРУНДАЛАТ
  • КОНФУЦИЙДЕ КЫЯЛДАР ОРУНДАЛАТ
  • КОНФУЦИЙДЕ КЫЯЛДАР ОРУНДАЛАТ