AVN







ФИЛОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ОКУТУУЧУЛАРЫ ӨЗГӨНДӨ

ФИЛОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ОКУТУУЧУЛАРЫ ӨЗГӨНДӨ
 Apr 6, 2018  888

Филология факультетинин «Кыргыз тили» кафедрасынын окутуучулары Кошойканов Кутманбек, Жалилова Нуржана жана «Кыргыз, дүйнөлүк элдер адабияты жана журналистика» кафедрасынын окутуучусу Шерипбаев Амангелди 2018-2019-окуу жылдары үчүн абитуриенттерди кабыл алуу боюнча профориентация иштерин Жалал-Абад облусуна жакын жайгашкан Ош областына караштуу Өзгөн районунун Ана-Кызыл, Бостон, Шоро-Башат, Жылалды, Красный Маяк айылдарындагы орто мектептерде жүргүзүшкөндүгүн кыргыз тили кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Г.К.Бакирова кабарлады.

      Анын айтымында №58 Ж.Маматжанов, №6 Т.Асранов, №35 О.Жусупбеков, №57 А.Өмүрзаков орто мектептери жана «Караханид» мектеп-лицейинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуп, окуу жай даярдап чыгаруучу адистиктер боюнча маалыматтар берилип, ар бир адистикте кошумча тесттик тапшырмалар берилүүчү предметтер боюнча түшүндүрмөлөр айтылган.

  • ФИЛОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ОКУТУУЧУЛАРЫ ӨЗГӨНДӨ
  • ФИЛОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ОКУТУУЧУЛАРЫ ӨЗГӨНДӨ
  • ФИЛОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ОКУТУУЧУЛАРЫ ӨЗГӨНДӨ
  • ФИЛОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ОКУТУУЧУЛАРЫ ӨЗГӨНДӨ