AVN







“ЭМНЕГЕДИР АЯЙ БЕРЕМ ӨЗҮМЧӨ, ЭНЕ БОЛБОЙ АЯЛ БОЙДОН КАЛГАНДЫ...”

“ЭМНЕГЕДИР АЯЙ БЕРЕМ ӨЗҮМЧӨ, ЭНЕ БОЛБОЙ АЯЛ БОЙДОН КАЛГАНДЫ...”
 May 22, 2023  284

“Эмнегедир аяй берем өзүмчө, эне болбой аял бойдон калганды...”- дейт, эненин, аялзатынын өмүр сапардагы орду, маани-маңызы тууралуу сексенинчи жалдарда жазган ырларынын биринде гуманист акын Жолон Мамытов. “Аяй берем” деген сөз айкашын колдонгон лирикалык каарман коомдук жүрүм-турумда, ал тургай ой жүгүртүүдө эмоцияга жана сезимге чоң маани берүүчү психолог акын экенин туюнтса, экинчи жактан эмоция  окурманга  автоматтык реакцияны козгой турган стимул болорун эске салат. Реакция мээден башталып, анан  дененин ички симуляциясында чагылдырылганын   “эне болбой аял бойдон калуунун” обьективдүү да,   субьективдүү да себептери чоң роль ойноп жатканын ыр саптарда (подтекстте, затекстте)  көркөм сөз каражаттар аркылуу таасирдүү ырга салган.  Ата-бабалар: жаратылыштан эне болуу укугуна ээ болбогон аялды “Согончогу  канабаган” деп,  атайлап эне болууну каалабаган (эркекке эркек, аялга аял үйлөнүү, бойдон алдыруу – төрөлбөй жатып туна чөккөн ымыркай ж.б.) аялды  “Төрөбөгөн  аял бала өппөйт, бала өпсө да кана өппөйт” деп, эне болуу бактысына балкыган үй-бүлөнү “Балалуу үй - базар, баласыз үй - мазар”  деп баалап, жаштарды келечектеги бактылуу жана бактысыз үй-бүлөлүк турмушта жашоо ар бир адамдын өз колунда, өз тандоосунда экенин  макалдар менен   туюнткан.   

         Лирикалык каарман ааламдашуу алкагында көпчүлүк жаштар айрым реакциячыл күчтөрдүн тескери таасиринде калып,  үй-бүлө күтүү, тукум улоо, жарыкчылыкка келүүнүн максатын билбей, милдетин сезбей, кайдыгерликтин натыйжасында, улуттук баалуулуктар жоголуп, жоюлуп баратканын ачыктайт.  Эртеңки  кунарсыз жашоонун азабын эскертип-түшүндүрүүдө Ж.Мамытовдун ыры   абдан актуалдуу болуп тургандыгын эске алып, кыргыз тили жана адабияты адистигенде билим алып жаткан студенттерге  Энелер майрамынын урматына арнап, тарбиялык сабак формасында баарлашуу өткөрдүк.

         Улуттун уңгусу болгон адептүү, эстүү  апалардын жолун улап, болочокто ар бир студент кызыбыз  эне болуу бактысына туш келишин  кааладык.  Жарыкчылыкка келген ар бир жан энем жок деп эчкирип ыйлабасын,  атам жок  деп, жер чапчып  боздобосун,  уулум же кызым жок деп, сыздап  өксүбөсүн тиледик. Сезимдерди туура башкаруу б.а. өзүн-өзү таанып-билүү же жөнгө салуу адамдардын акыл-эс  жыргалчылыгында да,  ишинде да, билиминде да, үй-бүлөдө да ийгиликтин булагы  болорун  түшүндүрдүк.

  • “ЭМНЕГЕДИР АЯЙ БЕРЕМ ӨЗҮМЧӨ, ЭНЕ БОЛБОЙ АЯЛ БОЙДОН КАЛГАНДЫ...”
  • “ЭМНЕГЕДИР АЯЙ БЕРЕМ ӨЗҮМЧӨ, ЭНЕ БОЛБОЙ АЯЛ БОЙДОН КАЛГАНДЫ...”