AVN







АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТӨ

АКАДЕМИЯЛЫК  МОБИЛДҮҮЛҮКТӨ
 May 22, 2023  272

Кыргызстандагы  жогорку окуу жайларынын ортосунда түзүлгөн  мобилдүүлүк программасынын алкагында жакында  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик  университетинин табигый -техникалык факультетинин  табигый илимий билим берүү кафедрасынын  окутуучусу  Керимбекова  Анара Жээнмырзаевна Ош шаарындагы Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде академиялык мобилдүүлүк боюнча иш сапарында болуп кайтты. А.Ж.Керимбекова 3- курстун студенттерине “Евразия материгинин физико-географиялык абалы” деген темада лекциялык жана практикалык  сабактарды өтүп, студенттердин суроолоруна жооп берди, өз тажрыйбасын кесиптештери менен бөлүштү. Ошондой эле окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, окуу лабораториялары, китепканалары менен кеңири таанышып чыкты. Мобилдүүлүк программасынын алкагында А.Ж.Керимбековага атайын сертификат ыйгарылды. Эки окуу жайдын ортосундагы  студенттердин, окутуучулардын  кызматташтыгы мындан ары да уланмакчы деп билдирди аталган кафедранын башчысы, доцент Н.Б.Арстанбекова.

  • АКАДЕМИЯЛЫК  МОБИЛДҮҮЛҮКТӨ
  • АКАДЕМИЯЛЫК  МОБИЛДҮҮЛҮКТӨ
  • АКАДЕМИЯЛЫК  МОБИЛДҮҮЛҮКТӨ