AVN







ЖАКТЫН МЫКТЫ ОКУТУУЧУСУ- 2023

ЖАКТЫН МЫКТЫ ОКУТУУЧУСУ- 2023
 May 19, 2023  365

ЖАМУнун түптөлгөнүнүн 100 жылдыгына карата Алдыңкы тажрыйба борборунда ЖАКтын мыкты окутуучусу-2023 конкурсу жүрүп жатат. Конкурста жылдын мыкты окутуучусу тандалмакчы. Бул боюнча маалыматты Жалал-Абад колледжинин методикалык иштери боюнча инспектору А.Сопукулова сайтка жарыялаган.Учурда колледжде ачык сабактарды кароо сынагы уланып жаткан учуру. График боюнча төмөнкү окутуучулар:

1. ӨККжана ТОИРАТ ПЦКдан М.Р.Орозалиева БКМк-01-22 тайпасына Экологиянын негиздери дисциплина боюнча “КРнын өзгөчө кайтаруудагы  жаратылыш аймактары жана объектилери”;

2. Башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКдан А.М. Ажикулова БКМб-3-21 тайпасына Кыргыз тили жана адабияты дисциплинадан “Касым Тыныстанов, Жаныл Мырза  поэмасы”;

3. Чет тилдер ПЦКдан П.У.Абдуллаева АТк-3-21тайпасына  Негизги чет тили дисциплинадан “Strange but true. Past perfect”;

4. АСиМ ПЦКдан Ж.М.Аскаров БКМк-4-21 тайпага Информатика дисциплинадан “Интернет жана дүйнөлүк тармак”;

5. КМТШИ ПЦКдан С.Д.Кадырова КМТШИ-01-22 тайпага Кийимди конструктивдүү моделдөө дисциплинадан “Орнотулма жеңдүү базалык конструкциянын негизинде реглан жендүү кийимдин конструкциясын түзүү”;

6. Дене тарбия К.А.Шамшиев БКМб-2-22 тайпага Аскерге чейигки даярдык дисциплинадан  “Калашников автоматын чачып жыйноо тартиби“ деген темаларда ачык сабактарды өтуштү.

ЖАКтын мыкты окутуучусу- 2023 конкурсуна катышуучулардын өтө турган ачык сабактан тышкары төмөндөгү көрсөткүчтөрү  бааланат:

1. Электрондук версиядагы окуу материалдар (AVN программасына жайгаштырылган окуу-усулдук эмгектери, тесттик тапшырмалары) .

2 .Өткөн сабактары боюнча окутуучунун электрондук журнал менен иштөөсү.

3. Өтүп жаткан сабактарынын жумушчу программасы.

4. Дисциплина боюнча жумушчу дептердин болушу: апробациясы же бегитилген варианты.

5. Кесиптик жактан өсүү динамикасын көрсөткөн портфолиосу.

  • ЖАКТЫН МЫКТЫ ОКУТУУЧУСУ- 2023
  • ЖАКТЫН МЫКТЫ ОКУТУУЧУСУ- 2023
  • ЖАКТЫН МЫКТЫ ОКУТУУЧУСУ- 2023
  • ЖАКТЫН МЫКТЫ ОКУТУУЧУСУ- 2023