AVN







МЕН ЖАНА МЕНИ ТАРБИЯЛАГАН ЧӨЙРӨМ

МЕН ЖАНА МЕНИ ТАРБИЯЛАГАН ЧӨЙРӨМ
 May 18, 2023  255

Алдыңкы тажрыйба борборунда ЖАМУнун түптөлгөнүнүн 100 жылдыгына жана КРнын Президентинин  “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгына карата “Мен жана мени тарбиялаган чөйрөм” аталышында кароо сынак болуп өттү.  Кароо сынак колледждеги жалпы адистиктердин 3-курстардын арасында болуп, график боюнча 3 күнгө бөлүнүп өткөрүлдү.

“Мен жана мени тарбиялаган чөйрөм” конкурстун программасы төмөндөгүдөй болду:

1.”Окуу жайымдын менин өнүгүшүмө кошкон салымы” аталыштагы адабий музыкалык композиция-7мин.

2. Кош жылдыз “Бүгүнкү шакирт-эртеңки устат”. ПЦКнын окутуучусу студенти менен өнөрлөрүн көрсөтүү-5мин.

3. Кош жылдыз “Бала ата-эненин күзгүсү”. Студенттер өздөрүнүн өнөрлөрүн ата-энеси менен биргеликте көрсөтүү-5мин.

4.Улуттук наркты көрсөткөн каада- салттан биз үзүм-10мин.

5.Кесиби боюнча эстетикалык табиттеги макеттердин конкурсу. Чечмелөөгө 5мин.

“Мен жана мени тарбиялаган чөйрөм”  аттуу конкурста студенттер актердук чеберчилигин , талантын ,ички дүйнөсүн көрсөтө алышты. Алар ата-эне жана окутуучулар менен күнүмдүк жашоодон сырткары, сахнада байланыш түзүштү .Командалар берилген тапшырмаларды мыкты  аткарышып, сынак жогорку деңгээлде өттү. Жеңүүчү командалар ,кароо сынакка катышкан ата-энелер диплом жана колледждин атынан ыраазычылык каттар менен сыйланышты.

  • МЕН ЖАНА МЕНИ ТАРБИЯЛАГАН ЧӨЙРӨМ
  • МЕН ЖАНА МЕНИ ТАРБИЯЛАГАН ЧӨЙРӨМ
  • МЕН ЖАНА МЕНИ ТАРБИЯЛАГАН ЧӨЙРӨМ
  • МЕН ЖАНА МЕНИ ТАРБИЯЛАГАН ЧӨЙРӨМ
  • МЕН ЖАНА МЕНИ ТАРБИЯЛАГАН ЧӨЙРӨМ
  • МЕН ЖАНА МЕНИ ТАРБИЯЛАГАН ЧӨЙРӨМ
  • МЕН ЖАНА МЕНИ ТАРБИЯЛАГАН ЧӨЙРӨМ
  • МЕН ЖАНА МЕНИ ТАРБИЯЛАГАН ЧӨЙРӨМ
  • МЕН ЖАНА МЕНИ ТАРБИЯЛАГАН ЧӨЙРӨМ
  • МЕН ЖАНА МЕНИ ТАРБИЯЛАГАН ЧӨЙРӨМ
  • МЕН ЖАНА МЕНИ ТАРБИЯЛАГАН ЧӨЙРӨМ
  • МЕН ЖАНА МЕНИ ТАРБИЯЛАГАН ЧӨЙРӨМ