2023-жылдын 12-13-майында Бишкек шаарында Кыргызстандын ЖОЖдорунун арасында дүйнөлүк XXII “Кытай тили достуктун көпүрөсү - 2023” конкурсу Ж.Баласагын атындагы КУУда болуп өттү. Аталган иш-чарага ЖАМУнун Конфуций институтунун студенттери да катышып келишти. Бир нече этаптан турган бул сынакта Мырзы к. Батма “Интернет жылдызы” номинациясында 1-орунду утуп алды жана “Тилегим орундалды” ыры калыстар тобунун, көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, “Мыкты аткаруу” баасына ээ болду. “Интернет жылдызы” номинация боюнча Шабидинова Айдай 2-орунду ээледи. Ал “Көк жана ак фарфор” аталышындагы чыгарманы гужың кытай музыкалык аспабында ойноп, “Өзгөчө аткаруу” баасына татыды.