AVN

ЖАМУда СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ЧОҢ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР БАР

ЖАМУда СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ЧОҢ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР БАР
 May 17, 2023  322

Азыркы замандын талабына ылайыктуу кесипти туура тандоого багыт берүү максатында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде пландуу иш чаралардын бири болгон профориентация боюнча үгүттөө иштери ийгигиликтүү жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу англис тили кафедрасынан билдиршти.

Бүгүн 2023-жылдын 17-май күнү англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары Н.А.Жумабекова, Н.Э.Арсланбекова, Нышанбай кызы Байыма тарабынан Аксы районуна караштуу №24 С.Шатманов жана К.Жакыпов атындагы, Сузак районунуна караштуу №18 Манас 1000 орто мектептеринде жаш бүтүрүүчүлөргө келечек максаттарынын негизи болгон туура кесип тандоо үчүн багыт берүүдө ары пайдалуу ары кызыктуу болгон жолугушуулар уюштурулду. Жолугушууда ЖАМУнун илимий иштер жана инновация боюнча пророектору С.Ж.Куваков окуучуларга жалпы университет жөнүндө кенири маалымат берди.Жолугушуу учурунда Б.Осмонов атындагы ЖАМУда студенттер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бардыгын жана билим берүүдө заманбап технологиялык усулдарды колдонуп окутуулары айтылды. Бүтүрүүчүлөрдү кызыктырган суроолорго кенен жана көргөзмөлүү слайддар менен жооптор берилди.

  • ЖАМУда СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ЧОҢ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР БАР