“Мир” кинотеатрынын аянтчасында Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан уюштурулган “Бош жумуш орундар жарманкеси - 2023” өткөрүлдү. Жарманкеге Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун 2022-2023-окуу жылындагы жалпы бүтүрүүчүлөрү окутуучулары жамааты менен катышышты. Жумушка жайгашууга көмөктөшүүгө чакырылган КРнын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын өкүлү Марлен кызы Гулназ, мамлекеттик кызматтагы бош орундуктарга конкурска катышуу жөнүндө маалымат берди. Азыркы учурда Ноокен райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыяланганын билдирди.
Электрондук кайрылуу үчүн https://mkk.gov.kg/ сайтынан толук маалымат ала алышат – деп билдирди карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Ж.Паязова.