AVN







КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДОО – БОЛОЧОК ТҮГӨЙ ТАНДООДОН ДА ООР ЖАНА МААНИЛҮҮ

КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДОО – БОЛОЧОК  ТҮГӨЙ ТАНДООДОН ДА ООР ЖАНА МААНИЛҮҮ
 May 17, 2023  247

Маляр келди бир чоң үйдү майлады,

Кабак түйгөн капалыкты айдады.

Ушул адам ушул сырдуу кийимчен,

Бул дүйнөнүн үстүндөгү каймагы.

...........................................................

Касиеттүү мындай кымбат кесиптен,
Менин атам, билбейм неге кур калган? – деп, кыргыз поэзиясынын таң Чолпону атыккан акын А.Осмонов  кыркынчы жылдардын аягында көзгө ”комсоо” көрүнгөн “маляр, плотник, сантехник, электрик” сыяктуу кесип ээлерин  заман талап кылып турганын, аталган кесиптердин жашоодогу  ордун, маани-маңызын, натыйжасын терип ырдап, бул кесиптин ээлери дүйнөнүн “асылынын асылы” деп баалайт.  “Үй тазарды, жарк деп кабак ачылды, өмүргө кас, учкан чаңдар басылды”, - деген учкул  саптар  менен  кесиптин адамга дени сак, көңүлү куунак жашоо тартуулаганын баяндайт..  “Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат” деген макал бабалардын доору үчүн  актуалдуу талап  болгонун да жашырбайт.

            Илим-техниканын жетишкендиктеринен кесиптердин саны арбып, кесип тандоодо бүтүрүүчүлөр кимдир бирөөнүн туура кеңешине муктаж болуп турганын  ЖАМУнун менеджер ректору К.Ж.Усенов (төрт-беш жыл мурун)  Окумуштуулар кеңешинде декандарга, кафедра башчыларга орто мектепти бүтүрүүчүлөргө  кесип тандоого багыт берүү   талабын канааттандыруу зарылдыгын,  заманбап иш-чараны уюштуруп, колго алууну милдеттендирген. Ошол замат ЖАМУнун колледжинин жоопкерчиликтүү, дилгир, иш билги, эмгекчил директору Турдубаева Бариса Майлиевна таасирдүү, түшүнүктүү, кызыктуу программа түзүп, жөө жүрүш формада өзүнүн бүтүрүүчүлөрүнө иш процессте кийүүчү кесиптик кийимдерин кийгизип,  мугалимдерине  сабакта колдонуучу ресурстарын  көтөртүп, көчөмө-көчө  кыдыртты. Бул айылда жашаган карапайым калкка жакты, себеби бардык эле ата-эне кесиптин түрлөрү көп экенин, ошол кесипке даярдоо ЖАМУда  даярдаларын биле бербейт экен. Ошентип, 2022-2023-окуу жылында колледжге эки миңге жакын талапкер студент болуп кирип, мурунку окуу имаратына батпай, филология факультетин Спутник кичи шаарчасына  көчүрттү.

            Көч бара-бара түзөлөт дегендей, быйыл колледждин жамааты жарнамалоо ишмердигине былтыркыдан да өзгөчөлөнгөн деталдарды кошконун  13-май күнү Ноокенде, 15-май күнү ЖАМУнун өзүндө Сузактан келген талапкерлерге арналып  өткөрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө баарыбыз күбө болдук. Алар менен бирдикте калган факультеттер да өздөрүнүн жарнамалоочу материалдарын, буклеттерин бүтүрүүчүлөргө таратып, жекече диалогдорду, аңгемелешүүлөрдү жүргүзүп келдик. Буга чейин филология факультетинин жетекчилери, окутуучулары,  студенттери менен бүгүнкүдөй кеңири масштабда эмес, Көк-Жаңгак шаарында,  Сузак менен Ноокендин бир топ мектептеринде 11-классты бүтүрүүчүлөр арасында  кесипке багыт берүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, окуу жайды, факультетти даңазалап келгенбиз. Буюрса, 2023-2024-окуу жылында дагы сүйүктүү ЖАМУбуздун  аудиторияларына студенттер батпай, кампабыз  баалуу каражаттарга   толот деген ишенимдебиз.  

  • КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДОО – БОЛОЧОК  ТҮГӨЙ ТАНДООДОН ДА ООР ЖАНА МААНИЛҮҮ
  • КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДОО – БОЛОЧОК  ТҮГӨЙ ТАНДООДОН ДА ООР ЖАНА МААНИЛҮҮ
  • КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДОО – БОЛОЧОК  ТҮГӨЙ ТАНДООДОН ДА ООР ЖАНА МААНИЛҮҮ