AVN







ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ КАЗАКСТАНДА

ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ КАЗАКСТАНДА
 Apr 3, 2018  1219

Казакстан мамлекетинин Алматы шаарында С.Д.  Асфендияров атындагы Казак Улуттук  Медициналык университетинде 30-31-мартта “Helth Sciences” аттуу I Эл аралык студенттик конгресс  болуп өттү.Ага  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 8 студенти илимий тезистерин даярдап, жетекчилери медициналык-биологиялык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары Бечелова А.Т.

 Бакирова А.А., Асанова С.Т. менен биргеликте катышып келишти.

Конгресстин негизги максаты – илимге кызыккан максаттуу студенттерди, магистрлерди, докторанттарды жана окумуштууларды бириктирүү жана актуалдуу темаларды ар тараптуу көз караштар менен талкуулоо, ошону менен бирге окумуштуулардын илимий иштери менен таанышуу.

Конгресстин негизги спикерлери Гарвард университетинин, Пенсильвания университетинин, Огайо штатынын университетинин профессорлору өздөрүнүн жаңы ачылыштарын тааныштыруу менен лекцияларды өтүштү.

Конгресстин 1-күнүндө секциялык иштер болду. Анда студенттер оозеки докладдар, постердик сессия  менен илимий тезистерин алып чыгышты. Ал эми конгресстин

2-күнүндө профессорлор мастер-класстарды өтүштү.

Студенттердин илимий докладдарын ISCHS 2018 жюрилери баалап, конгресстин салтанаттуу жабылуу аземинде орундар ыйгарылып,  I, II, III даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Алардын арасында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти Фарм-1-16 тайпасынын студенткасы Джоробаева Шадияна жана жетекчиси Бечелова Айгүл  III даражадагы диплом жана 5000 тенге менен сыйланып кайтты. Ошондой эле конгресстин ар бир катышуучусуна жана жетекчилерине сертификаттар тапшырылды.

  • ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ КАЗАКСТАНДА
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ КАЗАКСТАНДА
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ КАЗАКСТАНДА
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ КАЗАКСТАНДА
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ КАЗАКСТАНДА
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ КАЗАКСТАНДА