AVN







БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЫКТЫСЫ

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЫКТЫСЫ
 May 17, 2023  230

ЖАМУнун 100 жылдыгына карата билим берүү жаатындагы үзүрлүү эмгеги үчүн, Болотова Алтынай Сатыбалдыевна  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы“ төш белгиси менен сыйланды. Ал 1997-жылы Ош мамлекеттик университетинин табият таануу- география факультетин  “биология окутуучусу” адистигин  артыкчылык диплому менен аяктаган. Эмгек жолун мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган. 1999-жылдан  бүгүнкү күнгө чейин Жалал-Абад мамлекеттик университетинде  үйрөнчүк окутуучу, окутуучу, улуу окутуучу кызматтарын аркалап келет. Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн “ЖАМУнун эмгек сиңирген кызматкери” төш белгиси менен сыйланган. Бир канча илимий макалалардын автору.

         “Билим берүүнүн мыктысы“ төш белгиси ыйгарылышы менен, табигый-техникалык факультетинин жалпы коллективи жана табигый илимий билим берүү кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы куттуктайбыз!

  • БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЫКТЫСЫ