AVN







КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ФЕСТИВАЛЫ

КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ  ФЕСТИВАЛЫ
 May 16, 2023  413

Алдыңкы тажрыйба борборунда кесипке багыт берүү максатта масштабтуу фестивал уюштурулду. Фестивал Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, ЖАМУнун футболдук манежинде өттү. Ага  Жалал-Абад шаардык мектептердин жана Сузак районуна караштуу  жакынкы мектептердин 9 жана 11- класстын бүтүрүүчүлөрү катышышты. Иш-чарага Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менеджмент колледждин, Бишкек музыкалык-педагогикалык колледждин, Бишкек авто-жол колледждин, Бишкек техникалык колледждин өкүлдөрү чакырылды. Ошондой эле Жалал-Абад облусундагы кесиптик лицейлер  жана ЖАМУнун аймактагы колледждери катышышты. Фестивалда экспо зона уюштурулду. Анда Жалал-Абад колледжиндеги адистиктерди чагылдырган заманбап макеттер, студенттер ойлоп тапкан проекттин иштелмелери көргөзмөгө коюлду. Окуучулар жана коноктор  турдүү кесиптерди чагылдырган дефиле көрүштү.

Кесипке багыт берүү фестивалды  Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ректору К.Ж. Усенов ачып ,мектептен келген окуучуларга келечекте мыкты кесиптин ээси болушаарын каалады. Андан соң  Жалал-Абад облустук методикалык борбордун директору А.А .Токтосунов сөз сүйлөп, ЖАМУнун жетишкендиктерин баса белгиледи. Жалал-Абад колледжинен бүткөн ийгиликтүү бутүрүүчүлөр менен иш берүүчүлөргө да сөз берилди. Алар  колледж кесипкөй адистерди даярдап келээрин   айтышып, окуучуларды Жалал-Абад колледжинде билим алууга  чакырышты.

Иш-чара мектеп окуучулары үчүн конкурс, флешмоб, ыр жана бий менен коштолду.Фестивалдын соңунда коноктор колледжге экскурсия жасашып, мастер-класстарды көрүштү.

  • КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ  ФЕСТИВАЛЫ
  • КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ  ФЕСТИВАЛЫ
  • КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ  ФЕСТИВАЛЫ
  • КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ  ФЕСТИВАЛЫ
  • КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ  ФЕСТИВАЛЫ
  • КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ  ФЕСТИВАЛЫ
  • КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ  ФЕСТИВАЛЫ
  • КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ  ФЕСТИВАЛЫ
  • КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ  ФЕСТИВАЛЫ
  • КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ  ФЕСТИВАЛЫ