AVN







АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК – ТАЖРЫЙБАНЫ БАЙЫТАТ

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК – ТАЖРЫЙБАНЫ БАЙЫТАТ
 May 16, 2023  257

Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасы   Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетинин  бухгалтердик эсеп жана анализ кафедрасы менен дайыма окуу жана илим багытында байланышын үзбөй келет. Аны менен бирге иш-чараларды жүргүзүшүп, көптөгөн ийгиликтерге жетишишти. Бизнес жана менеджмент факультетинин деканы э.и.к., доцент Т.М.Исраилов факультет боюнча кыскача маалымат берип, окуу процесси менен тааныштырды. Экономикалык-юридикалык факультетинин экономика багытынын БЭк-1-20 тайпасынын  студенттери үчүн конок лекциянын жүрүшү кызыктуу болду. Лекцияда суроо-жооптор талкууланып жооптор алынды. Жыйынтыгында бизнес жана менеджмент факультетинин деканы э.и.к., доцент Т.М.Исраилов тарабынан студенттерге сертификаттар тапшырылды