AVN







МУГАЛИМДИН КЕП МАДАНИЯТЫНА АРНАЛГАН КОНОК ЛЕКЦИЯ

МУГАЛИМДИН КЕП МАДАНИЯТЫНА АРНАЛГАН  КОНОК  ЛЕКЦИЯ
 May 16, 2023  566

Педагогика багытынын П-1-20, Пк-2-20 тайпаларынын студенттери үчүн Ош мамлекеттик университетинин доценти, педагогика илимдеринин кандидаты  Абдураимова Зарипа Самашовна “Мугалимдин кеби жана анын педагогикалык процесстеги орду” деген темада конок лекция окуду. Конок лециянын темасы, күтулүүчү натыйжалары, адабияттары, интернеттик материалдары студенттерге сунушталды.

Лекциянын мазмуну, түзүлүшүндө лектор инновациялык технологиялпарды колдонуу менен талкуу иретинде уюштура алды. Лекциянын мазмунун тактоо иретинде лектор тарабынан студенттерге өз оюн тастыктоо үчүн тексттер менен иштөө аркылуу жүргүзүлдү. Тексттин мазмунуна карата интерактивдүү методдор тандалып, алар менен иштөөнүн формалары жана методдору лектор тарабынан мыкты тандалгандыгы байкалды. Лекциянын жүрүшү лектордун буга чейин өзү түзүп сунуштаган “Мугалим, сабак жана сынчыл ойлом стратегиясы” окуу-методикалык колдонмосу аркылуу жүргүзүлдү. Эмгектеги  “Сиз күнөөлүүсүз эжеке!” деген текст Б.Блумдун таксоманиясы аркылуу окутулуп, талдоого алынды. Студенттердин тексттин мазмунуна карата пикирлери угулуп, кызуу талкуу уюштурулду.

Конок лекцияда  бир канча интерактивдүү методдор колдонулуп, сабактын жогорку денгээлде өтүшүнө өбөлгө түздү. Атап айтканда, күтүү дарагы, ПОПС, Блумдун таксоманиясы, рефлексия, маалыматтык манжалар  сыяктуу кызыктуу стратегиялар пайдаланылды. Сабактын аягында  лекциянын мазмуну боюнча  SWOT анализ жүргүзүлдү.

Мугалимдин кебине ( өзүбүздү мугалим деп эсептеп) SWOT анализ жасагыла.

 SWOT деген сөз:

 Strengths- күчтүү жагы

 Weakness-алсыз жагы

 Opportunitie-мүмүкүнчүлүктөр

 Threats – коркунучта 

Студенттер  анализ боюнча өз ойлорун айтышып, аларды жоюунун жолдору боюнча кызуу талкуу уюштурулду. Лекторго студенттер тарабынан сурооолор берилип, тиешелүү жооптор алынды. Лектордун  мугалимдин кеп маданияты окуу процессиндеги башкы фигура экендигине студенттер ынанышты. Лекторго ийгилик каалашты.

  • МУГАЛИМДИН КЕП МАДАНИЯТЫНА АРНАЛГАН  КОНОК  ЛЕКЦИЯ
  • МУГАЛИМДИН КЕП МАДАНИЯТЫНА АРНАЛГАН  КОНОК  ЛЕКЦИЯ
  • МУГАЛИМДИН КЕП МАДАНИЯТЫНА АРНАЛГАН  КОНОК  ЛЕКЦИЯ