AVN







АНГЛИС ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНДА ПРОФЕССОР М.К.АЛИШОВА КОНОК ЛЕКЦИЯ ОКУДУ

АНГЛИС ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНДА  ПРОФЕССОР М.К.АЛИШОВА КОНОК ЛЕКЦИЯ ОКУДУ
 May 16, 2023  279

    Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын  бүтүрүүчү студенттерине жана магистранттарына Ала-Тоо университетинин профессору, ф.и.д. М.К.Алишова “The features of fairytales in different cultures” деген темада пайдалуу, кызыктуу конок лекция өттү. Ошону менен бирге өзүнүн котормосу астында жарык көргөн эмгектери менен тааныштырды. Негизинен конок лекция аябай кызыктуу жана жемиштүү болуп, катышуучулар тарабынан суроолор берилип, канаттандыраарлык жоопторду алышты. Бүтүрүүчү студенттердин жана магистранттардын  илимий иштерине ийгиликтерди каалады. Англис тили жана адабияты кафедрасынын кафедра башчысы А.О.Калмуратова лекторго ыраазычылык билдирип, мындан ары да илимий кызматташтыкта иш алып барыла тургандыгын баса белгилеп өттү.