AVN







ТЫГЫЗ БАЙЛАНЫШТА ИШТЕШҮҮ ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ

ТЫГЫЗ БАЙЛАНЫШТА ИШТЕШҮҮ ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ
 Apr 3, 2018  861

ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин педагогика бөлүмүнүн  БКМб-3-17 тайпасынын ата-энелери үчүн 3-апрель жыйналыш өткөрүлдү.  

    Жыйналыштын негизги максаты ата-энелер менен окуу жайдын тыгыз байланышын үзбөө ,кылмыштуулукту алдын алуу , ынтымакты бекемдөө ирээтинде болду. Ата –энелер өз балдары жөнүндө куратору  М.Абакирова  даярдаган слайд-шоу аркылуу маалымат  алып, окуу жайга өз ойлорун, сунуштарын анкета толтуруу аркылуу жазып калтырышты.

   Окууда жана коомдук  иш-чараларда өзгөчөлүгүн көрсөткөн студенттердин ата –энелерине жетекчилик тарабынан ыраазычылык каттарды , ЖАКтын окуу иштери боюнча директордун орун басары  А.Ыстамбаев тапшырды. Жыйналышта бөлүм башчы  К.Салибаева ата-энелерди жаңы  “АВН” программасы жана жакында өткөрүлүүчү аккредитация боюнча ата-энелерге маалымат берип, алар үчүн ар дайым окуу жайдын эшиги ачык экенин айтып, тыгыз байланышта иштешүү ийгиликтерди жаратаарын баса белгиледи.

Колледждин педагогика бөлүмүнүн БКМб – 3-17 тайпасында  жалпы 24 студент билим алса, бүгүнкү жыйынга   23 ата-эне катышышты.