AVN







ЖОЖ – АТА – ЭНЕ – КАРЫМ КАТНАШЫ

ЖОЖ – АТА – ЭНЕ – КАРЫМ КАТНАШЫ
 May 15, 2023  250

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин физика жана информатика кафедрасынында болочок адисти даярдоодо “ЖОЖ – АТА – ЭНЕ – карым катнашы ” аталышындагы ата-энелер менен чогулушу  болуп өттү. Бул  жолугушуунун программасына ылайык ата – энелер үчүн  экскурсия уюштурулуп , алгач университетинин башкы корпусундагы Америка – Ордосу, андан соң  Start – UP, Конфуций институту, кийин  университеттин китепканасы жана окуу залдары менен тааныштырылып, кеңири маалымат берилди.

         Жолугушуу Э.Уметов атындагы педагогикалык факультеттинин физика жана информатика кафедрасына караштуу 212-компьютердик канаасында пландаштырылып, жолугушууну факультеттин дееканы ф.и.к.,доцент Р.К.Шамшиев ачып, факультетте студенттер үчүн жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди.

         Кафедранын башчысы п.и.к.,доцент Р.С.Нусупова “Болочок адистерди даярдоодо ата-эненин ролу” деген темада доклад жасады. Докладда  ата-энелердин өз балдарынын окуусуна жүргүзгөн көзөмөлү боюнча, эксперименттик изилдөөнүн пайыздык чен өлчөмүнүн аныкталган графигин көрсөтүп, анын жакшыртуунун жолдорун сунуштады.

          “ЖОЖ – АТА – ЭНЕ – байланышы AVN системасында ” деген темада Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин тестирлөө жана билим сапатын баалоо борборунун директору А.Ж.Жолонбаева ата-энелерди университеттин AVN системасы менен иштөөсүнүн компьютерде көрсөтүп берди.

         Болочок адис катары мен басып өткөн жол деген темада айрым студенттер жетишкен ийгиликтери боюнча баяндама жасап, өздөрүнун түзгөн программаларын көрсөтүп беришти.

         Жыйынтыгында ата-энелер менен суроо-жооп, талкуу болуп, алдынкы студенттердин ата-энелерине ыраазычылык каттар тапшырылды.

  • ЖОЖ – АТА – ЭНЕ – КАРЫМ КАТНАШЫ
  • ЖОЖ – АТА – ЭНЕ – КАРЫМ КАТНАШЫ
  • ЖОЖ – АТА – ЭНЕ – КАРЫМ КАТНАШЫ
  • ЖОЖ – АТА – ЭНЕ – КАРЫМ КАТНАШЫ
  • ЖОЖ – АТА – ЭНЕ – КАРЫМ КАТНАШЫ
  • ЖОЖ – АТА – ЭНЕ – КАРЫМ КАТНАШЫ
  • ЖОЖ – АТА – ЭНЕ – КАРЫМ КАТНАШЫ
  • ЖОЖ – АТА – ЭНЕ – КАРЫМ КАТНАШЫ
  • ЖОЖ – АТА – ЭНЕ – КАРЫМ КАТНАШЫ
  • ЖОЖ – АТА – ЭНЕ – КАРЫМ КАТНАШЫ
  • ЖОЖ – АТА – ЭНЕ – КАРЫМ КАТНАШЫ
  • ЖОЖ – АТА – ЭНЕ – КАРЫМ КАТНАШЫ
  • ЖОЖ – АТА – ЭНЕ – КАРЫМ КАТНАШЫ
  • ЖОЖ – АТА – ЭНЕ – КАРЫМ КАТНАШЫ