AVN







БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ЖУМУШ ОРУНДАРГА БӨЛҮШТҮРҮЛДҮ

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ЖУМУШ ОРУНДАРГА БӨЛҮШТҮРҮЛДҮ
 May 15, 2023  335

ЖАМУда педагогикалык багыттагы бюджеттик жана келишимдик негизде окуган бүтүрүүчүлөрдү мектептердеги бош орундарга мамлекеттик бөлүштүрүү болуп өттү. Бул иш чарага ЖАМУнун №59 04.04.23. буйругун негизинде түзүлгөн комиссиянын толук мүчөлөрү, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жалилов С.Т., Аксы районун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурманбетов О.К., ошону менен катар  Таш-Көмүр шаардык , Майлуу-Суу шаардык , Көк-Жаңгак шаардык, Аксы райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн  өкүлдөрү, Жалал-Абад шаарынын №7, №14, №3, №4, №13, №9, №18, №22, №19, №6, №5, №10, №11, №2, №17,№16 мектептеринин директорлору катышты. Быйылкы жылы университеттен жалпы жонунан педагогикалык багытта  бюджеттик негизде 188 жана келишимдик негизде 93 бүтүрүүчү окуу жайды аяктап жатат. Ошондой эле Кочкор-Ата колледжинен 20 (бюджеттен), Майлуу-Суу колледжинен 19 (бюджет) бүтүрүүчү дагы бөлүштүрүүгө катышты. Билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү  орус тили, дене-тарбия, физика жана математика адистиги боюнча мектептерде мугалимдер жетишсиз экендигин баса белгилешти. Ошону менен катар  орус тилдүү мектептерге дагы адистердин жетишсиз болуп жаткандыгы иш чаранын жүрүшүндө айтылды.

    Иш чаранын жыйынтыгы менен бүтүрүүчүлөрдүн 75% мектептерге бош орундарга жумушка бөлүштүрүлдү деп билдирди карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Н.С.Жолдошалиева.

  • БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ЖУМУШ ОРУНДАРГА БӨЛҮШТҮРҮЛДҮ
  • БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ЖУМУШ ОРУНДАРГА БӨЛҮШТҮРҮЛДҮ