AVN







БИЗДЕ АКЦИЯ!!!

БИЗДЕ АКЦИЯ!!!
 May 13, 2023  266

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад колледжинин Алдыңкы тажрыйба борборунда “Таза айлана-чөйрө” деген темада шаардын тургундары жана студенттери үчүн акция уюштурулду. Акциянын максаты: айлана-чөйрөнү коргоо жана азыркы учурдагы көп түрдүү ооруларды пайда кылган полиэтилен баштыкчаларын нукура, таза экологиялык жактан талапка жооп бере турган баштыкка алмаштырууга салым кошуу.

Алынган маалыматтарга таянсак, өлкөбүздө жылына 6000 тоннадан ашык полиэтилен баштыгы таштандыга ташталат. Бул - дүйнөлүк көйгөй. Бизде дагы өнүккөн өлкөлөрдөй эле полиэтилен баштыкчаларын колдонууга тыюу салуу керек деген бир канча демилгелер, сунуштар айтылып келген. Бирок, кээ бир жерлерде ишке ашпай калгандыгына күбөө болуп жатабыз. Пластик пакеттер жаратылышыбызга зыян келтирип жатат. Алар миңдеген жылдар бою чирибей турганын угуп жана айлана-тегерегибизди желим таштандылар күн санап курчоого алып, көбөйүп жатканын көрүп, биринчи кадамыбызды минтип кездемеден эле баштыктарды тигүүдөн баштайлы деп чечтик. Бул баштыктарды көп жолу колдонгонго болот жана экологиябызга  зыяндуулугу жок экендигин акциянын уюштуруучулары АТк-3-21, БКМб-3-22 тайпасынын студенттери жана демөөрчү катары алардын ата-энелери айтып өтүштү.                                                                                                    

  Акцияны уюштуруучулардын жетекчиси Жалал-Абад колледжинин табигый илимдер ПЦКсынын окутуучусу Канкулова Чолпон Тойчубековна төмөнкүлөргө токтолду: Эмне үчүн пластик пакеттер коркунучтуу? Айрым илимпоздордун айтымында, 100 жылдан 500 жылга чейинки аралыкта  бузулат, 1000 жылга чейин чирибейт. Алар аба, азык-түлүк аркылуу тарай берет, күйгүзгөнгө болбойт, анткени күйгөн пакеттер уу заттарды бөлүп чыгарат, жыл сайын пластик пакеттердин айынан жүз миңдеген балыктар, канаттуулар жана сүт эмүүчүлөр кырылат. Бизде таштандыны кайра иштетүүчү заводдор жокко эсе. Кыргызстан боюнча 400дөй полигон бар, алар жалпы 600 гектардан ашуун жерди ээлейт. Бул жайларда 40% полимерден жасалган баштыктар жатат. Экинчи жагы, биз аларды өрттөйбүз. Өрттөгөн сайын зыяндуу кычкыл заттар чыгып, азыркы учурда түрдүү ооруулардын саны көбөйүүдө. Ошондуктан өзгөрүүнү өзүбүздөн баштайлы деген ураандын астында шаарыбыздын тургундарына, жаштарга жана студенттерге маалыматты жеткирүүнү туура деп көрдүк.                                                       

Акцияга активдүү катышкандарга уюштуруучулар тарабынан колдо жасалган баштыкчалар белекке берилди деп билдирди – бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун жетекчиси Б.Алымкулов.

  • БИЗДЕ АКЦИЯ!!!
  • БИЗДЕ АКЦИЯ!!!
  • БИЗДЕ АКЦИЯ!!!
  • БИЗДЕ АКЦИЯ!!!
  • БИЗДЕ АКЦИЯ!!!