AVN

ТАБИГЫЙ ИЛИМИЙ БИЛИМ БЕРҮҮ КАФЕДРАСЫНДА ПРОФЕССОР Р.Т.АКМАТОВ КОНОК ЛЕКЦИЯ ӨТТҮ

ТАБИГЫЙ ИЛИМИЙ БИЛИМ БЕРҮҮ КАФЕДРАСЫНДА  ПРОФЕССОР  Р.Т.АКМАТОВ  КОНОК ЛЕКЦИЯ ӨТТҮ
 May 13, 2023  259

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин табигый-техникалык факультетинин 550100 Табигый илимий билим берүү багытынын студенттерине Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, г.и.д. , профессор Акматов Руслан Тынымсейитович  илимий изилдөөлөргө таянуу менен “Нарын дарыясынын алабынын жогорку бөлүгүндө вегетациялык мезгилдеги агымынын өзгөрүшү” темасында кызыктуу конок лекция өттү. Мындан тышкары  окуу жайдын студенттерине жана окутуучуларына  орто мектепте география предметинин окутулушунын абалы, өзү автор катарында жазган 7-класстын окуу китеби жөнүндө  айтып берди. Соңунда студенттердин, окутуучулардын суроолоруна жооп берип, аларга ийгиликтерди каалады. Кафедра башчысы Н.Б.Арстанбекова лекторго ыраазычылык билдирип, мындан  ары да эки окуу жайдын ортосунда факультеттер аралык окуу жана илимий иштер жаатында өз ара кызматташуу уланарына ишеним билдирди.

  • ТАБИГЫЙ ИЛИМИЙ БИЛИМ БЕРҮҮ КАФЕДРАСЫНДА  ПРОФЕССОР  Р.Т.АКМАТОВ  КОНОК ЛЕКЦИЯ ӨТТҮ