ЖООЛУК САЛУУ ЭРЕЖЕСИ ЖАНА ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМДИ АЛДЫН АЛУУ
May 13, 2023 491
Жалал-Абад колледжинде «Жоолук салуу эрежеси жана диний экстремизмди алдын алуу» деген тема боюнча түшүндүрүү иши жүргүзүлдү. Иш-чара колледждин социалдык педагогу Р.К.Эгембердиева тарабынан уюштурулду. Ага Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын өкүлдөрү, Жалал-Абад ОИИБнин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы жана Жалал-Абад ШИИБнин жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү катышышты. Алар жоолук салынган студенттерге жоолук салынуунун эрежелерин, Кыргыз Республикасындагы мыйзамдар жана түрдүү диний агымдар жөнүндө түшүндүрүштү. Туура эмес диний агымдарга кошулуудан, интернет сайттарында такталбаган маалыматтарды таратуудан, мыйзамга каршы келген чакырыктарды бөлүшүүдөн алыс болуусун эскертишти. Иш-чара суроо-жооптор менен коштолуп, студенттер үчүн пайдалуу болду.