AVN







СИНЬЦЗИЯН УНИВЕРСИТЕТИНИН “АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ”

СИНЬЦЗИЯН УНИВЕРСИТЕТИНИН “АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ”
 May 12, 2023  566

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кенешбек Жумабековичке  Синьцзиян университетинин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.

Кыргыз улуттук  инженердик академиясынын жана эл аралык Евразиялык тоо-кен илимдер академиясынын академиги катары Сиз тоо-кен жана геомеханикалык изилдөө ишмердиги жаатында жогорку илимий жетишкендиктерге жетиштиңиз. Сиз Азия жана Европада тоо-кен геомеханикалык чөйрөлөрүндө жогорку кадыр-баркка ээсиз. Сиз көп жылдар бою Жалал-Абад мамлекеттик университети менен Синьцзян университетинин ортосундагы гуманитардык  илимий изилдөө жана кадрларды даярдоо жаатында эл аралык алмашууну жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулуп, эки университетибиз биргелешип түзгөн Конфуций институтуна чоң көңүл буруп, колдоо көрсөттүңүз.Ушул себептен улам, биздин университет сизге Синьцзян университетинин Ардактуу профессору наамын берүүнү чечти. Сизди Синьцзян университетине өз убагында келип, лекция окууга жана "Ардактуу профессор" наамын тапшыруу аземине катышууга чын жүрөктөн чакырабыз” – дейт Синьцзиян университетинин президенти Яо Цян.

ЖАМУнун жалпы жамааты жана студенттер Усенов Кенешбек Жумабековичти Синьцзиян университетинин “Ардактуу профессору” наамына ээ болушунуз менен куттуктайбыз. Сиздин окуу жайдын өнүгүүсү учүн ар бир аткарган эмгегиңиз эл тарабынан бааланып келет. Илим, билим берүү жана эл аралык байланыштар жаатына кошкон салымыңыз арбый берсин!