AVN







КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН АДИСТЕРДИ ДАЯРДОО ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН АДИСТЕРДИ ДАЯРДОО ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
 Apr 3, 2018  889

ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин  “Техникалык жана маалыматтарды иштетүү” бөлүмүнүн “Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу” адистигинин мугалимдери аталган бөлүмдүн студенттери менен иш берүүчүлөр ортосунда жолугушуу иш чарасы болду.

Жолугушууга иш берүүчүлөр “Кыргыз Почта” профсоюзунун төрайымы Б. Жусупова Жалал-Абад шаарындагы “Капитал” банктын директору А. Токтоболотов “IMEX” компьютердик кызмат көрсөтүү борборунун башчысы Г. Амираева,  Жалал-Абад шаардык “Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо” бөлүмүнүн административдик практика боюнча инспектору А. Ж. Нармырзаев, “Жалал-Абад областтык китепканасынын” директору С. С. Аталиева, “ЖАМУнун МТ жана КТ” бөлүмүнүн директору А. М. Термечикова жана ЖАМУнун сапат бөлүмүнүн башчысы   Г.С.Токоева, ушул эле бөлүмдүн методисти Н.Ж. Айтикеев, ЖАМУнун өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн адиси Ч. М. Бабакулова, БАС адистигин даярдап чыгарган окутуучулары менен бирге 100 дөн ашык студент катышты.

Анда окуу пландарынын ичиндеги кээ бир сабактардын өтүлүшү, аларга болгон өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды сунушташты.  Андан сырткары студенттердин теориялык алган билимдерин,  практика учурунда канчалык деңгээлде пайдалана алаары кызуу талкууланды. Студенттер өздөрүнүн суроолорун беришип, иш берүүчүлөрдөн жоопторду ала алышты.  Ошондой эле иш берүүчүлөр жана окутуучулар ортосундагы байланышты жана студенттерди окутуудагы компетенттүүлүктү талкуулашып, Кыргызстандын келечеги үчүн мыкты адистерди даярдоо үчүн, иш берүүчүлөр “Жалал-Абад колледжи” менен мындан ары дагы тыгыз байланышта болуп иштеше тургандыктарын айтышты.