Фармация кафедрасынын доценти х.и.к. Эрназарова Бактыгул Кочкорбаевна 2023-жылдын 12-апрелинен 29-апрель айына чейин Япония мамлекетинин Токио шаарында академиялык мобилдүүлүктө болду.
Иш сапардын максаты:
“Кыргыз Республикасындагы фармацевттердин мамлекеттик аттестациясын өнүктүрүү жана үзгүлтүксүз билим берүү үчүн жеке сектор менен бизнести текшерүүсүн изилдөөсү” аттуу JICA япон проектисине катышуу;
Япония менен Кыргызстандагы фармацевтикалык билим берүүнүн жана практикасынын айырмалоочу аспектилери аныктоо, Кыргызстандын билим берүү ишмердүүлүгүнө колдонуу;
Фармацевтикалык билим берүүнүн жана клиникалык практиканын өнүгүүсүнүн учурдагы абалы жөнүндө тажрыйба алмашуу;
Фармация тармагындагы Япониянын билим берүү системасын: окутуу ыкмаларын, онлайн аралыктан окутуунун конкреттүү мисалдарын жана жетишпеген студенттерди көзөмөлдөө механизмдерин үйрөнүү;
Япониядагы социалдык шарттарга жана саламаттыкты сактоо системасына сереп салуу: япондук социалдык камсыздоо системасынын схемасы, саламаттыкты сактоо мекемелеринин функциялары жана ролдору боюнча тажрыйба алмашуу экендигин доцент Бактыгул Кочкорбаевна билдирди.
Фармация кафедрасынын доценти х.и.к. Эрназарова Бактыгул Кочкорбаевна 2023-жылдын 12-апрелинен 29-апрель айына чейин Япония мамлекетинин Токио шаарында академиялык мобилдүүлүктө болду.
Иш сапардын максаты: