AVN







ИНСАН ТААНУУ ЖУМАЛЫГЫ

ИНСАН ТААНУУ ЖУМАЛЫГЫ
 May 11, 2023  296

12.05.2023-жылы Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түптөлгөндүгүнүн 100, түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата 100 иш - чара алкагында, белгилүү коомдук мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган "Өмүрү өрнөк инсандар" аталыштагы республикалык илимий-практикалык конференцияга карата Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин Тарых кафедрасы тарабынан "Инсан таануу" жумалыгы башталды. Бул иш чаранын жүрүшүндө Эгемендүү Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө, өнүгүшүнө салым кошкон тарыхый инсандар жөнүндө тайпалык куратордук сааттар, "Өмур бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин" "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон тарыхый инсандар" , "Кыргыз эл баатырлары", "Кыргызстандык жоокерлердин эрдиги" "Советтер Союзунун баатыры Тукубай Тайгараевге жүз жыл", ЖАМУ менен таггырлаш инсандар аталыштагы темалалар боюнча профессордук-окутуучулук курамынын жана студенттердин арасында мыкты илимий макалалар жана жат жазуу боюнча конкурс жарыяланды. Иш чарага активдүу катышкандар дилом жана грамоталар менен сыйланышат. Активдүу катышууга чакырабыз !!!

  • ИНСАН ТААНУУ ЖУМАЛЫГЫ
  • ИНСАН ТААНУУ ЖУМАЛЫГЫ
  • ИНСАН ТААНУУ ЖУМАЛЫГЫ
  • ИНСАН ТААНУУ ЖУМАЛЫГЫ
  • ИНСАН ТААНУУ ЖУМАЛЫГЫ