AVN







СЫРТТАН БИЛИМ БЕРҮҮ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА

СЫРТТАН БИЛИМ БЕРҮҮ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА
 May 10, 2023  280

Бул жолку кесиптик-базалык практиканын сырттан окуган студенттер үчүн офлайн+онлайн формада өтүлүшү өзгөчө таасир калдырды. Практика боюнча уюштурулган конференцияны педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор С.С. Сакиева ачып, сырттан окуган студенттердин практика боюнча актуалдуу маселелерин, көйгөйлөрүн угуп, алардын тыгыз байланышта иштөөсүн өтүндү. ЖАМУнун КӨӨПУБ башчысы Жолдошалиева Н.С. сырттан окуп жаткан студенттердин да практика боюнча байланыштары офлайн формасында болуп, байланыш бир топ тыгыз болуп жаткандыгын, бул билим берүүнүн эффективдүүлүгүн арттыра тургандыгын айтып кетти. Методисттер - Нусупова Р.С., Төрөбекова А.Э., Ураимов К.М., Шишкараева А.К., Осмоналиева С.Ч., Раимкул кызы А., Акматов А.А ж.б. катышышты.  Алар өз ойлорун ортого ташташып, азыркы заман талабына ылайык заманбап технологияны жакшы өздөштүрүп сабак өтүү ар бир жаш муундагы келечек мугалимдеринин башкы милдеттеринин бири экендигин баса белгилеп кетишти. Айрым студенттер окуучулар менен иштөөдө абдан  кыйналыша тургандыгын айтып өтүштү. Анткени окуучулар менен ата-энелердин байланышы начар экендигин белгилеп кетишти. Айрым студенттер бир топ жылдардан бери иштеп келе жатышкандыгын, бул практиканын жүрүшүнө түздөн-түз тиешелүү экендигин, андагы айрым маселелерди чечүүдө педагогикалык технологиялардын зарылдыгы байкалды. Конференция өз ишин ийгиликтүү аяктап, конференцияга катышкан студенттерге методикалык кенештер берилди, ийгилик айтылды, тиешелүү документтер кабыл алынды.

  • СЫРТТАН БИЛИМ БЕРҮҮ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА
  • СЫРТТАН БИЛИМ БЕРҮҮ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА
  • СЫРТТАН БИЛИМ БЕРҮҮ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА
  • СЫРТТАН БИЛИМ БЕРҮҮ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА
  • СЫРТТАН БИЛИМ БЕРҮҮ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА
  • СЫРТТАН БИЛИМ БЕРҮҮ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА
  • СЫРТТАН БИЛИМ БЕРҮҮ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА
  • СЫРТТАН БИЛИМ БЕРҮҮ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА