AVN







АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК
 May 10, 2023  224

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун физика жана информатика кафедрасынын доценти, п.и.к. Э.К.Молдокеримова  2023-жылдын 24-апрелиндеги ✓76/4 буйругунун негизинде 29-апрелден 3-майга чейин Ташкент шаарындагы М.Улукбек атындагы Өзбек улуттук  университетинин физика факультетинде мобилдүүлүктүн алкагында, тажрыйба алмашуу максатында  иш сапарында болду.

    Ал физика факультетинин профессор- окутуучулар жамааты менен таанышып, физиканы окутуунун  учурдагы көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору жөнүндө  пикир алмашты. Студенттерге физиканы окутуунун усулу боюнча лекция окуду. Ошондой эле,  заманбап технологиялар менен жабдылган механика, молекулалык физика лабораторияларында сабактарга катышып,  студенттердин физикалык закондорду, чоңдуктарды окуп үйрөнүү, таанып билүү ыкмаларына ээ болуу мүмкүнчүлүктөрүнө күбө болду.

    Аягында Б.Осмонов атындагы ЖАМУ менен 105 жылдык тарыхы бар М.Улукбек атындагы университеттин (1918-жылы Орто Азиядагы 1-жогорку окуу жайы болуп ачылган) байланышын чыңдоо   маселелери талкууланды.

  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК