AVN







МЕНИН КАРЬЕРАМ

МЕНИН КАРЬЕРАМ
 May 10, 2023  293

Жалал-Абад колледжинде толлеранттуулук чөйрөсүн түзүү, окутуучулардын педагогика-психологиялык компетентүүлүгүн жогорулатуу, студенттер менен мамиле түзүү маданиятын көтөрүү жана жеринде билимин өркүндөтүү боюнча педагогикалык окууларга таянып, мастер-класстарды өтүү боюнча колледждин директору Б.М.Турдубаева тарабынан буйрутма чыккан. №29/23-буйрутмага ылайык мастер-класстар эки багыт боюнча уюштурулду. Биринчи багыт-колледждин психология окутуучулары тарабынан психолгия багытында. Экинчи багыт ПЦКлардагы экиден окутуучу педагогика багытындагы бирден темага мастер-класстарды өтүү.

Иш-чарага мектепке чейинки билим берүү ПЦКсы да активдүү катышты.   Анда мектепке чейинки билим берүү ПЦКнын жетекчиси Кыргызбаева Айсулуу Кимсановна   Менин карьерам деген темада мастер-класс өттү. Мастер-класска мектепке чейинки билим берүү , башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили, экономика- юридикалык колледжинин социалдык иш ПЦКнын окутуучулар жааматы катышты. Анда карьераны курууда  жана жашооду  пландаштыруудагы көйгөлөр козголду.  Кесипкөй адамдардын жумуш талаптары айтылып, кесиптик карьерага жетүү үчүн эмне жасоом керек деген суроонун үстүндө талкуу болду.Кесиптин ар тараптуулугу,тарбиячылык кесиптин эмгек шарттары, карьераны башкаруу, кесипкөйлүктүн түрлөрү белгиленди. Өнүккөн өлкөлөрдүн окуу жайларында карьера куруу сабактары өтүлөөрү айтылып, Жалал -Абад колледжинде  тажрыйба иретинде ушундай сабак киргизүү жөнүндө сунуш берилди. Башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКнын жетекчиси  Д.С.Жумабаева  алгач ирет класстан тышкаркы иштердин пландарында аткарып көрсөк деп өз оюн билдирди.

Жалал-Абад колледжинде түрдүү темадагы мастер-класстар тарап жаткан учуру.

  • МЕНИН КАРЬЕРАМ
  • МЕНИН КАРЬЕРАМ