AVN

ОКУУ-ТААНЫШУУ ПРАКТИКАСЫ КЕСИПКӨЙ АДИС БОЛУУГА ӨБӨЛГӨ

ОКУУ-ТААНЫШУУ ПРАКТИКАСЫ КЕСИПКӨЙ АДИС БОЛУУГА ӨБӨЛГӨ
 May 4, 2023  258

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалыкалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын экономика багытынын бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит, финансы жана кредит профилинин окуу процессинин графигине ылайык, БЭк-1-21, ФКк-1-21 тайпаларынын студенттери 2023-жылдын 10-апрелинен 22-апрелине чейин, эки жумалык окуу-таанышуу практикасын Жалал-Абад шаарындагы ишканаларда, башкача айтканда Жалал-Абад областтык мамлекеттик статистика башкармалыгында, “Азия ритейл” жабык акционердик коому “Фрунзе” супермаркетинде, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин каржылык-пландоо бөлүмүндө, эсепканасында өтүштү.

Ишканалардын бухгалтериясынын ишмердүүлүгү менен таанышын, жумушчулардын эмгек акыларын эсептеп чыгууну жана чегерүүнү үйрөнүшүп,  каржылык-чарбалык анализ жүргүзүүнүн методдору менен таанышышты. Практиканын аягында, студенттер менен жыйынтыктоочу конференция өкөрүлүп, практикантар өздөрүнүн практика бюонча отчетторунун негизинде докладдарды жасашты. Жыйынтыктоочу конференцияга практика жетекчилери, экономикалык-юридикалык факультетинин практика боюнча жооптуусу э.и.к. Г.Абдырахманова, экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент Э.Н.Төлөновдор катышышты. Ошондой эле конференциянын аягында, практиканы мыкты өтөгөн студенттерге ишканалар тарабынан берилген ыраазычылык каттар тапшырылды – деп билдирди аталган кафедранын ага окутуучусу Н.Мусакулов.

  • ОКУУ-ТААНЫШУУ ПРАКТИКАСЫ КЕСИПКӨЙ АДИС БОЛУУГА ӨБӨЛГӨ