AVN

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ: АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН  КОНСТИТУЦИЯСЫ: АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ
 May 3, 2023  417

Бүгүн 3-майда ЖАМУнун кичи жыйындар залында  “Окуу  жайдын түптөлүшүнө 100 жыл, университеттин ачылганына 30 жыл” иш-чараларынын алкагында өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата уюштурулган «Кыргыз Республикасынын  Конституциясы: абалы жана келечеги» аталышындагы Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

       Илимий-практикалык конференцияга Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов, КРнын Конституциялык сотунун өкүлү, Жалал-Абад облусунун сотунун өкүлү, Жалал-Абад областынын прокуратурасынан өкүл, Жалал-Абад областынын юстиция    башкармалыгынан, Жалал-Абад облусунун ички иштер  башкармалыгынан Жалал-Абад шаардык мэриясынан, Жалал-Абад шаардык сотунан, Казакстан жана Өзбекстан  өлкөлөрүнөн юридика илимдеринин кандидаттары, докторлору жана   түштүк аймактагы жогорку окуу жайлардын профессор-окутуучулары катышышты.

    Конференцияда ЖАМУнун ректору Кенешбек Усенов сөз сүйлөп, катышуучуларды Конституциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгы менен куттуктап, конференциянын ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Ал эми ЖКнын депутаты Тазабек Икрамов – Өзүмдүн жана Жогорку  Кеңештин депутаттарынын атынан ЖАМУнун жалпы жамаатынын иштерине ийгиликтерди каалайм. Окуу жайда бир катар алгылыктуу иштер аткарылып жатканы кубандырат. Бүгүнкү конституциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан илимий-практикалык конференция өз максатына жетет деп ишенем. Конституция адам укуктарын, эркиндиктерин коргоочу башкы мыйзамыбыз. Өлкөдөгү ар бир кабыл алынган мыйзамдар аткарылып, элибиздин укуктары корголушуна тилектешмин.

Облустук соттун өкүлү Зарылбек Зулпукар уулу – Конституция 1993-жылы 5-майда алгачкы болуп кабыл алынган. 30 жылдын ичинде өзгөртүүлөр, кошумчалар киргизилди. Ошондой эле 2021-жылы жалпы элдин каалоосу менен толуктоолор, өзгөртүүлөр менен реформа болду.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН  КОНСТИТУЦИЯСЫ: АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ