AVN







БИЛИМ АЛУУ ФОРМА ТАНДАБАЙТ

БИЛИМ АЛУУ ФОРМА ТАНДАБАЙТ
 May 3, 2023  271

Педагогика багытынын башталгыч билим берүүнүң методикасы профили боюнча ушул жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик-профилдик практикасы боюнча конференция өзгөчө өнүттө жүрдү.  Сырттан окуу бөлүмүндө билим алган студенттердин практика боюнча өз ойлорун билдиришти. Конференцияны педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор С.С. Сакиева ачып берди. Ал өз сөзүндө сырттан окуп билим алып жаткан студенттердин теория менен практиканы айкалыштырып иштеп жатышканы өзгөчө экендигин белгилеп кетти. Кыргызстандын ар түрдүү аймактарында иштеп, ошол эле учурда окуп, билим алып жаткан студенттердин ою боюнча бул тандалган адистик эн татаал жана сыймыктуу экендигин ушул жолку практикадан улам сезишкендигин билдиришти. ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Н. С. Жолдошалиева сөз алып, конференциянын ишине ийгилик каалады. Бул жолку конференциянын жүрүшүндө көп жылдык тажрыйбага ээ, бирок учурда өз билимин өркүндөтүп жаткан студенттердин ушул профил боюнча абдан туура жана так кесипти туура тандап алган ойлорун ортого ташташты. Методисттер: доценттер - Ураимов К.М., Нусупова Р.С., улук окутуучулар - Төрөбекова А.Э., Шишкараева А.К., Акматов А.А., Осмоналиева С.Ч. окутуучулар -Мокуева Н.Ш., Раимкул кызы А., Исманалиева Б.М. сөз алышып, алар өз сөзүндө практиканын жүрүшүндө тыгыз байланышта иш алып барышкандыктарын, жакынкы мектептерде практикасын өтөп келген студенттердин сабактарына катышкандыктарын, андагы айрым артыкчылыктар жана мүчүлүштүктөрдүн орун алышын, анын артыкчылык жактарын белгилеп кетишти. Конференция абдан жандуу өттү, конференциянын жана анын катышуучуларынын ишине ийгилик каалайбыз. Ак жол сага бүтүрүүчү.

  • БИЛИМ АЛУУ ФОРМА ТАНДАБАЙТ
  • БИЛИМ АЛУУ ФОРМА ТАНДАБАЙТ
  • БИЛИМ АЛУУ ФОРМА ТАНДАБАЙТ
  • БИЛИМ АЛУУ ФОРМА ТАНДАБАЙТ