AVN







МЫКТЫ ПРОФЕССОР

МЫКТЫ ПРОФЕССОР
 May 3, 2023  326

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 100 жылдыгына карата профессордук - окутуучулук курамынын арасында уюштурулган конкурстун  окуу-усулдук иштеринин жыйынтыгы чыкты. Бул конкурска филология факультетинин  профессордук-окутуучулук курамы  да активдүү катышышып байгелүү орундарды ээледи деп билдирди аталган факультеттин окуу-усулдук иштердин жетекчиси Гүлбара Жороева.  Конкурска катышкан окутуучулар төмөндөгүдөй орундарды жана номинацияларды алышты.  Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору,  М. Мирзахидова  II даражадагы диплом" Мыкты профессор "   наамын, орус филологиясы кафедрасынын доценти А.Жусупова   I  даражадагы диплом " Мыкты доцент " жана немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын улук окутуучусу А. Эсенова II  даражадагы диплом " Мыкты улук окутуучу "  номинациясына ээ болушту. Ал эми англис тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучусу Г. Жороева I" Мыкты окуу-усулдук колдонмосу"  үчүн II даражадагы диплом менен сыйланышты.

  • МЫКТЫ ПРОФЕССОР
  • МЫКТЫ ПРОФЕССОР