AVN







КӨЙГӨЙДҮ АДАМ ӨЗҮНӨ ӨЗҮ ЖАРАТАБЫ...

КӨЙГӨЙДҮ АДАМ ӨЗҮНӨ ӨЗҮ ЖАРАТАБЫ...
 May 2, 2023  217

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынан: А.Кадырова,  А.Шерипбаев, У.Омурзакова, Г.Кудайкулова жана башка усулчулардын  катышуусу менен КТ-1-21 тайпасынын студенттеринин  үч жумалык адаптациялык-педагогикалык  практикасын  жыйынтыктоочу конференция 29-апрель күнү саат экиде өткөрүлдү. Адегенде  студенттер практиканын жобосунда көрсөтүлгөн эрежелерди, маалыматтарды кантип колдонгонун,  нускамада берилген тапшырмалар, жол карталар иш жүзүндө  канчалык деңгээлде жардам бергендигин, айрыкча  жол карта өзгөчө багыт берүүчү каражат болгонун кубануу менен баяндашты.

         Практиканын алгачкы күндөрүндө эле мугалим менен окуучунун, ата-эне менен мугалимдин, ата-эне менен өз перзенттеринин ортосундагы келишпөөчүлүктөргө күбө болгондорун айтышты. Окуучулар биринен-бири өйдөсүнүп, бири экинчисин  кемсинтип, күчтүүсү алсызына ыдык көрсөтүп, коркутуп, тыйын-тыпырын тартып алганын билип,  а түгүл окуучу  мугалими менен кер-мур айтышканын угуп-көрүп, не кыларын билбей алдастаганын билдиришти. Ушинтип, миңдеген кесиптердин ичинен жактырып, тандаган  кесиптерине  таштаган алгачкы кадамдарында эле көңүлдөрү калып,  адаптациялык практикада  педагогикалык көндүмдөрдү жаратып,  калыптоого багыт алып кайтабыз деген максаттары аткарылбай калабы деп, чочулап, капаланганын жашырышпады.

          Эмне кылуу керек, кантип үч жумалык практиканы ийгиликтүү өткөрүп кетебиз деген ой башыбызды катырды. Кафедрадагы  методисттерден, тажрыйбалуу окутуучулардан кеңеш сурадык,  көрсө, бул суроолорго жооп 1-2-курста окулган гуманитардык, социалдык, экономикалык дисциплиналарда, педагогика-психолгиядан үйрөнүлгөн лекцияларда айтылып өтүлгөн экен. Ал кезде биз болочок кыргыз тилчилерге бул предметтердин   зарылдыгы канчалык деген ойдо кайдыгер  болуптурбуз, бул  биздин  чоң катабыз болгон экен, абдан өкүндүк дешти. 

         Бирок практикада (кайсы жерде болсо да) көйгөйлөрдү адам өзү жаратарын жана аны чечүү да адамдын өз колунда экенин билдик. Окуучу - ата-эне – мугалим ушул үчилтик бири-бири менен пландуу, максаттуу, натыйжалуу иш-аракеттерди жүргүзсө, проблемалар чечилет  деген түшүнүккө келдик. Мисалы: ата-эне перзентин сүйсө, ата-эне өзүн перзентине сүйдүрө  алса, перзенти ата-энесине өзүн сүйдүрө алса;  мугалим окуучуну сүйсө, өзүн окуучуга сүйдүрө алса, окуучу мугалимди сүйсө, өзүн мугалимине сүйдүрө алса -  бул сүйүү көндүмдөр аларда  калыптандырылса, эч кандай маселе жаралмак эмес деген ойлорун ортого коюшту. Ошентип, бүгүнкү студент-практиканттар, эртеңки адис мугалимдер жогоруда кеп кылган көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүктөрү жетерин, кесиптери түмөн түйшүктүү, бирок кызыктуу экенин, кесип тандоодо жаңылбагандыгын  адистиги тууралуу айткан жалындуу сөздөрү, көтөрүңкү маанайлары аркылуу  баамдатышты

  • КӨЙГӨЙДҮ АДАМ ӨЗҮНӨ ӨЗҮ ЖАРАТАБЫ...
  • КӨЙГӨЙДҮ АДАМ ӨЗҮНӨ ӨЗҮ ЖАРАТАБЫ...
  • КӨЙГӨЙДҮ АДАМ ӨЗҮНӨ ӨЗҮ ЖАРАТАБЫ...
  • КӨЙГӨЙДҮ АДАМ ӨЗҮНӨ ӨЗҮ ЖАРАТАБЫ...