AVN







АЯЛДАРДЫН ТИЛЕГИ БОЛГОН “СҮМӨЛӨК”

АЯЛДАРДЫН ТИЛЕГИ БОЛГОН  “СҮМӨЛӨК”
 Apr 2, 2018  873

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер 31-мартта «сүмөлөк» кайнатышты.  Маалыматты “Орус  тили” кафедрасынын башчысы Айчүрөк Калмурзаева билдирди.

Анын айтымында майрамды өткөрүүнүн максаты кыргыз элининин салтын жана маданиятын сактоо, элдердин ортосундагы тынчтыкты жана ич ара мамилени бекемдөө ошондой эле  ар түрдүү  адистикте билим алып жаткан ар улуттун  студенттеринин  ортосундагы достук мамилени  чыңдоо.

Майрамга   ЖАМУнун ректору, шаардык мэриянын

өкүлдөрү, студенттердин ата-энелер комитети, окуу бөлүмүнүн мүчөлөрү, ошондой эле ЖАМУнун жаштар комитетинин өкүлдөрү катышышты. Филология факультетинде жалпы 583 студент билим алса, 83 окутуучулук курам эмгектенет.

  • АЯЛДАРДЫН ТИЛЕГИ БОЛГОН  “СҮМӨЛӨК”
  • АЯЛДАРДЫН ТИЛЕГИ БОЛГОН  “СҮМӨЛӨК”
  • АЯЛДАРДЫН ТИЛЕГИ БОЛГОН  “СҮМӨЛӨК”