AVN







ЖАКТЫН МЫКТЫ ОКУТУУЧУСУ- 2023

ЖАКТЫН МЫКТЫ ОКУТУУЧУСУ- 2023
 May 2, 2023  300

ЖАМУнун түптөлгөнүнүн 100 жылдыгына карата Алдыңкы тажрыйба борборунда ЖАКтын мыкты окутуучусу –  2023 сынагы жүрдү. Конкурста жылдын мыкты окутуучусу тандалмакчы. Бул боюнча маалыматты Жалал-Абад колледжинин методикалык иштери боюнча инспектору А.Сопукулова маалымат берди. Анын билдирүүсү боюнча ЖАКтын мыкты окутуучусу- 2023 сынакка ПЦКларда эн жакшы ачык сабак өткөн окутуучулар катышып жатышат. Сынактын жобосуна ылайык катышуучу мурда эч бир сынакта катышпаган, тренерлик кылбаган окутуучу болушу абзел. Алар график  боюнча 26-апрелден 13-майга чейин бекитилген комиссиянын  курамынын катышуусунда   ачык сабактарды өтүшөт.

ЖАКтын мыкты окутуучусу –  2023 сынагына катышуучулардын өтө турган ачык сабактан тышкары төмөндөгү көрсөткүчтөрү  бааланат:

1. Электрондук версиядагы окуу материалдар (AVN программасына жайгаштырылган окуу-усулдук эмгектери, тесттик тапшырмалары) .

2 .Өткөн сабактары боюнча окутуучунун электрондук журнал менен иштөөсү.

3. Өтүп жаткан сабактарынын жумушчу программасы.

4. Дисциплина боюнча жумушчу дептердин болушу: апробациясы же бегитилген варианты.

5. Кесиптик жактан өсүү динамикасын көрсөткөн портфолиосу.

         График боюнча  гуманитардык илимдер ПЦКнын окутуучусу Г.Токтоматова кыргыз адабияты дисциплинадан ПОВТАС-5-22 тайпасына Б.Сарногоевдин өмүрү жана чыгармачылыгы. Ашуудан берген отчетум жыйнагындагы чыгармалары деген темада сабак өттү.

Энергетика ПЦКнын окутуучусу Х.Маматалиева Трансформатор жана автотрансформаторлордун иштөө принциби деген темада ЭСК-2-22 тайпасына сабак өттү. Сабактарга комиссиянын курамы катышып, кайтарым байланыш жасашты. Ачык сабактар график боюнча уланмакчы.

  • ЖАКТЫН МЫКТЫ ОКУТУУЧУСУ- 2023
  • ЖАКТЫН МЫКТЫ ОКУТУУЧУСУ- 2023
  • ЖАКТЫН МЫКТЫ ОКУТУУЧУСУ- 2023
  • ЖАКТЫН МЫКТЫ ОКУТУУЧУСУ- 2023