AVN







Башталгыч класстарда математиканы окутуунун методдоруна арналган конок лекция

Башталгыч класстарда математиканы окутуунун   методдоруна арналган конок лекция
 Apr 28, 2023  613

С.Нааматов  атындагы Нарын мамлекеттик университетинин профессору, педагогика илимдеринин кандидаты Биймырсаева Бурулбубу Молдосалиева “Башталгыч класстарда математиканы окутуунун методдору” деген темада П-1-19 тайпасынын студенттерине  онлайн конок лекция окуду.

            Лекциянын мазмуну методдорду тандоодо советтик, дүйнөлүк, кыргыз окумуштууларынын методдорунун классификациясына арналды Орус окумуштуулары М.Махмутовдун, Б.Бабанскийдин, кыргыз окумуштуусу И.Бекбоевдин окутуунун методдоруна арналган эмгектерине анализ жүргүзүлдү. Өзгөчө М.А.Даниловдун классификациясына басым жасалды:

  1. Жаңы маалыматтарды берүүчү окутуунун методдору.

  2. Адаттарды, көндүмдөрдү,билгичтиктерди калыптандыруучу методдор.

  3. Чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрдү, изденүүчүлүктү калыптандыруучу методдор.

Бөлүштурүүнүн башталгыч класстарда колдонуунун педагогикалык, психологиялык шарттары, аларды башталгыч класста математиканы окутууда колдонуунун жолдору, теориялык, практикалык жолдору көрсөтүлдү. Белгилүү окумуштуу И.Бекбоевдин методдорду класификацясына өзгөчө басым жасалды.

  1. Перцевтивдик методдор  окуучулардын окуусун, таанып-билүүсүн, ишмердүүлүгүн уюштуруу жолу менен окутуу.

  2. Логикалык методдор жаны маалыматтарды, түшүнүктөрдү логикалык дедуктивдүү жолдор менен түшүндүрүү.

  3. Окуучулардын өз алдынчалуулуктарын, таанып-билүүлөрүн уюштуруп окутуу.

  4. Окуучуларды стимулдаштырып, кызыктырып, активдештирип окутуу.

  5. Практикалык лабораториялык жумуштарды уюштуруу методдору.

  6. Көзөмөлдөө, текшерүү, тестирлөө методдору.

Окумуштуу-педагогдор окутуунун методун билим берүүчү менен билим алуучунун белгилүү максатка багытталган иш-аракеттеринин системасы катары аныкташат. Ошентип окутуунун методу мугалим менен окуучунун билим алууга, тарбияланууга, өнүктүрүүгө жана практикага , эмгектенүүгө багытталган иш-аракеттерини системасы, ыктары, жолу.

      Окутуунун методу эки тараптын: мугалимдин жумушу менен окуучунун иш-аракеттеринин биригүүсүнөн турат. Окутуу процессинде экинчи жактын, окуучунун иш-аракети негизги фактор болуп эсептелет. Айрым мугалимдер окутуунун методун мугалимдин билим берүүдөгү иш-аракеттери катары, бир жактуу жактуу караган учурлар бар. Бир туура эмес, окутуу процессинде эки жак тен активдүү катышууга тийиш. Мугалим кандай аракет кылбасын, экинчи жак-окуучулар активдүү катышпаса, окуучулар иштебесе окутуу процесси жакшы натыйжага жетише албайт. Терең, бекем аң-сезимдүү билим алуу үчүн ар бир окуучу өзү кызыгып, катышып аракеттенүсүү керек. Мугалим окуучулардын мындай иш-аракеттерин уюштурууга милдеттүү.экендги белгиленди. Студенттердин окутуунун методдоруна арналган суроолоруна лектор тарабынан жооптор берилди. Аягында лектор студенттердин окууларына ийгиликтерди каалады.

  • Башталгыч класстарда математиканы окутуунун   методдоруна арналган конок лекция