AVN







ТУР ПО КЫРГЫЗСТАНУ

ТУР ПО КЫРГЫЗСТАНУ
 Apr 28, 2023  242

Медицина факультетинин чет элдик студенттери “Тур по Кыргызстану” акыл таймашына катышып, 2-орунду ээлешти. Бул тууралуу эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси Рошана Фоизова билдирди.

Анын айтымында билим берүү мекемелеринин ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишимине ылайык, М.М. Абдышев атындагы Ош технологиялык университети тарабынан 26-апрелде Кыргызстандын Түштүгүндөгү жогорку окуу жайларынын чет өлкөлүк студенттеринин ортосунда “Тур по Кыргызстану” акыл таймашы уюштурулган. Ага Б.Осмонова атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык факультетинин студенттеринен куралган команда активдүү катышып, 2-орунду ээлегендиги үчүн кубок жана грамота менен сыйланган.

Таймашта жалпысынан Ош мамлекеттик университети, Кыргыз-Өзбек университети, Ош мамлекеттик педагогикалык университети жана Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университеттеринен жалпы куралган 5 команда катышкан. Таймаш 3 бөлүктөн туруп, суроолор Кыргызтандагы жана дүйнө жүзүндөгү көрүнүктүү жерлер, Кыргызстандагы таанымал инсандар жана паспорттук маселелер боюнча болгон.

  • ТУР ПО КЫРГЫЗСТАНУ
  • ТУР ПО КЫРГЫЗСТАНУ
  • ТУР ПО КЫРГЫЗСТАНУ
  • ТУР ПО КЫРГЫЗСТАНУ