AVN







МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
 Apr 27, 2023  234

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин чет тили адистигинин Атк-01-21, Атк-2-20 тайпаларынын студенттери 7 (жети) жумалык мамлекеттик практикасын Жалал-Абад шаардык жана Жалал-Абад областык мектептеринде өтөп келишти. 3-курстардын студенттери үчүн мамлекеттик практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.

Конференцияда студенттердин 7 жума аралыгында жүргүзүп келген иштеринин, жыйынтык отчеттору угулду. Алар бул конференциясынын жыйынтыгында, практика жетекчилер жана студенттер практика учурунда жетишкен ийгиликтерин, кетирген кемчиликтерин, туш болгон кыйынчылыктарын кенен айтып беришип, ар бир студент презентацияларын жасап, слайддарын жана видеолорун көрсөтүшүп отчет беришти. Мыкты практика өтөгөн айрым студенттер мектептерден ыраазычылык кат да алышкан. Ар бир студент өтөгөн практикасы боюнча өз отчетун коргой алды. Конференция суроо -жооп, талкуулоолор менен коштолду. Алардын отчеттору практика жетекчилери тарабынан бааланды.

  • МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ