Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент А. Калмуратова улук окутуучулар Г. Жороева, М. Төрөмаматова жана окутуучулар А. Мамбеталиева жана Н. Ташиевалар Жалал-Абад колледжинин англис тили жана башталгыч класстарга билим берүү адистигиндеги бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу уюштуруп кесипке багыттоо үгүт иштерин жүргүзүштү.
Аталган кафедранын мүчөлөрү бүтүрүүчүлөргө азыркы замандын талабына ылайык англис тили мугалими эң керектүү кесип экенин айтып өтүштү. Ошондой эле кафедра тарабынан даярдалган чет (англис) тили багыты боюнча кафедра жөнүндө жана кафедранын бүтүрүүчүлөрү жөнүндө презентация, видео роликтер көрсөтүлдү. Жаштарга багыт берип окуусун улантууну сунушташты. Соңунда чет ( англис) тили профилин тандаган студенттерге сертификаттарды тапшырышты жана аңгемелешүү жүргүзүлдү.