AVN







СУУЛАРГА САПАТТЫК АНАЛИЗ ЖАСАЛДЫ

СУУЛАРГА САПАТТЫК АНАЛИЗ ЖАСАЛДЫ
 Apr 27, 2023  333

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик  университетинин табийгый техникалык факультетинин табигый-илимий билим берүү кафедрасынын табигый-илимий билим берүү багытынын химия профилинин окуу процессинин графигине ылайык, Х-1-21 тайпасынын студенттери  бир жумалык кесиптик-базалык (өндүрүштүк) практикасын Жалал-Абад шаарындагы  ишканаларда  “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коомунда, Жалал-Абад санаториясында, Жалал-Абад суу канал башкармалыгынын саркынды сууларды тазалоочу бөлүмүндө, Жалал-Абад сыноо, сертификаттоо жана метрология борборунда болушту. Өндүрүштүн технологиялык процесстери,  өндүрүлгөн чийки заттары, химия лабораториясындагы приборлор жүргүзүлгөн анализдер, анализ жүргүзүүнүн методдору менен таанышышты. Алынып келинген сууларга сандык, сапаттык анализдерди жасашты – дет аталган кафедранын окутуучусу Назгул Маматураимова.

  • СУУЛАРГА САПАТТЫК АНАЛИЗ ЖАСАЛДЫ
  • СУУЛАРГА САПАТТЫК АНАЛИЗ ЖАСАЛДЫ
  • СУУЛАРГА САПАТТЫК АНАЛИЗ ЖАСАЛДЫ
  • СУУЛАРГА САПАТТЫК АНАЛИЗ ЖАСАЛДЫ