AVN







“КЫТАЙ КӨПҮРӨСҮ” – АТТУУ СЫНАК БОЛДУ

“КЫТАЙ КӨПҮРӨСҮ” – АТТУУ СЫНАК БОЛДУ
 Apr 2, 2018  1009

«Кытай  көпүрөсү» аттуу кытай тили боюнча дүйнөлүк студенттер арасындагы конкурстун XVII туруна катышуу үчүн мыктыларды тандоо сынагы 31-мартта Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Конфуций институтунда болуп өттү.

Конкурска институттун 16 тил үйрөнүүчүсү катышты. Алардын 1-турда оратордук чеберчилиги, билими сыналса, 2-турда өздүк чыгармачылыгы каралды. Натыйжасында, 5 катышуучу мыкты деп табылып, үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде Бишкекте өтүүчү сынакка жолдомо алышты. Калган катышуучулар институттун “Грамотасы”, баалуу белектери менен сыйланышты.

Институттун кыргыз директору, фил.и.к., доцент М.Р.Шакирова төмөнкүдөй ой бөлүштү: “Биздин курстардан кытай тилин үйрөнүп жаткан студенттерибиздин, окуучуларыбыздын даярдыгы мыкты болду. Ар бир катышуучуну бирден кытай окутуучусу, волонтеру ээрчитип жүрүп даярдашты. Конкурстун жеңүүчүлөрү 2017-жылдын сентябрынан 2018-жылдын февралына чейин Кытайга 6 айлык стажировкага барып келген студенттерибиз болушту. Алардын сүйлөө речи бир топ өнүккөндүгүн, ар бир тапшырманы ишенимдүү аткарып жатышкандыгына күбө болдук.  Демек, курстун алдыңкы үйрөнүүчүлөрүн Кытай Эл Республикасына  стажировкага жиберүү иштерин күчөтөбүз. Тил үйрөнүүнү каалаган жаштарыбызга ар тараптан шарттарды түзүп, колдоп туруубуз милдет деп эсептейбиз” – дейт ал.

Эске салсак, былтыркы окуу жылында институттун тил үйрөнүүчүлөрү Бишкекте өткөрүлгөн «Кытай  көпүрөсү» конкурсунун  XVI турунда алдыңкы орунду ээлеп келишкен.

  • “КЫТАЙ КӨПҮРӨСҮ” – АТТУУ СЫНАК БОЛДУ
  • “КЫТАЙ КӨПҮРӨСҮ” – АТТУУ СЫНАК БОЛДУ
  • “КЫТАЙ КӨПҮРӨСҮ” – АТТУУ СЫНАК БОЛДУ
  • “КЫТАЙ КӨПҮРӨСҮ” – АТТУУ СЫНАК БОЛДУ
  • “КЫТАЙ КӨПҮРӨСҮ” – АТТУУ СЫНАК БОЛДУ
  • “КЫТАЙ КӨПҮРӨСҮ” – АТТУУ СЫНАК БОЛДУ
  • “КЫТАЙ КӨПҮРӨСҮ” – АТТУУ СЫНАК БОЛДУ
  • “КЫТАЙ КӨПҮРӨСҮ” – АТТУУ СЫНАК БОЛДУ
  • “КЫТАЙ КӨПҮРӨСҮ” – АТТУУ СЫНАК БОЛДУ