AVN







ОКУУ ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

ОКУУ  ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТОО  КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
 Apr 27, 2023  279

Жалал-Абад колледжинин мектепке чейинки билим берүү ПЦКсынын МЧББк-01-22 жана МЧББб-2-21 тайпаларынын  студенттери  окуу графиги боюнча окуу практикага барып, ийгиликтүү  аткарып келишти.  Окуу   практиканын максаты:  Алгачкы кесиптик көндүмдөрдү  калыптандыруу менен  кесиптик билимдердин системасын калыптандыруу. Сабакты жана сабактан сырткаркы иштерди жүргүзүүнү, тарбиячынын милдетин  байкайт үйрөнөт  жана башка ык машыгууларга ээ болот.

Мында студенттер балдар менен карым-катнаш жасоо процессин  үйрөнөт, күндүк режимди туура аткарууга көнүгөт ,  сейилдөөнү, саякаттарды  туура пландоону жана аткарылышын,   күндүн экинчи жарымындагы уюштурулуучу  ык машыгууларды туура пландаштырууну, үйрөнүү менен биргеликте тарбиячынын иш аракеттерин байкайт жана үйрөнүшөт. Балдар бакчаларындагы тарбиячылар тарабынан өткөрүлүүчү  сабактарга катышып, алгачкы көндүмдөрдү пайда кылат.  Ата-энелер менен иштөөнун жолдорун, байкайт жана үйрөнөт.Балдардын бош убактыларныда оюндардын түрлөрүн уюштуруп, оюндун туура аткарылышын жана балдардын активдүү катышуусун байкап, анализдейт.  Бул учурда адис окутуучулар жана практика жетекчилер А.К. Кыргызбаева жана Н.Д. Дурусбековалар барып  студенттерге  методикалык жардамдарды берип кеп-кеңештерин айтып жардамдашып турушту.    Окуу практикасын ийгиликтүу аяктап  жыйынтыктоочу конференция өткөрүлдү.  Конференцияда студенттер  практика учурундагы жагымдуу жактарын белгилөө менен  кыйынчылыктарды  белгилеп, өздөрү кызыккан суроолорго жооп алышты.Даядаган отчетторун видео слайд көрсөтүп  кеңири баяндашты.   Конференцияга ЖАКтын өндүрүштүк практика  жетекчиси У. Т. Кайкиева катышты,студенттердин отчетторун угуп,  практика учурундагы жетишкендиктерди жана отчеттогу мүчүлүштүктөрдү айтып өттү жана окууларына ийгиликтерди каалады.

  • ОКУУ  ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТОО  КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • ОКУУ  ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТОО  КОНФЕРЕНЦИЯСЫ