AVN







КЕСИПКЕ БАГЫТТОО ҮГҮТ ИШТЕРИ

КЕСИПКЕ БАГЫТТОО ҮГҮТ ИШТЕРИ
 Apr 27, 2023  264

Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы- кафедра башчысы С.М.Ажыкулов, ага окутуучулар М.Ы.Батырова жана Р.Р.Шеркулов, окутуучулар Н.Т.Нарматова, Ш.Т.Коңурова, жана ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана практиканы уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Ж.Н. Паязова менен Жалал-Абад колледжинин башкаруунун автоматташтырылган системасы жана автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо адистиктеринин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу уюштурушуп кесипке багыттоо үгүт иштерин жүргүзүштү.
Аталган кафедранын мүчөлөрү бүтүрүүчүлөргө эмгек рыногундагы талаптарга ылайык атаандаштыкка туруктуу болуусун айтып өтүштү. БАС кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы даярдаган адистик, информатика жана эсептөө техникасы багыты боюнча, окуу жайдын шарты жөнүндө презентация, видео роликтер көрсөтүлдү. Жаштарга багыт берип, окуусун улантуусун сунушташты. БАСк-02-20, ПОВТАСк-01-21, ПОВТАСк-02-20 тайпаларынын студенттери квалификация алдындагы акыркы практикасынын жыйынтыктарын көргөзүшүп, кызуу баарлашуу болуп өттү.
Соңунда информатика жана эсептөө техникасы багытын тандаган студенттерге сертификаттар тапшырылып, аңгемелешүү жүргүзүлдү.

  • КЕСИПКЕ БАГЫТТОО ҮГҮТ ИШТЕРИ
  • КЕСИПКЕ БАГЫТТОО ҮГҮТ ИШТЕРИ
  • КЕСИПКЕ БАГЫТТОО ҮГҮТ ИШТЕРИ
  • КЕСИПКЕ БАГЫТТОО ҮГҮТ ИШТЕРИ