AVN







ДҮЙНӨНҮН ШАМЫ – БИЛИМ, ЖАШООНУН ШАМЫ – ЭМГЕК

ДҮЙНӨНҮН ШАМЫ – БИЛИМ, ЖАШООНУН ШАМЫ – ЭМГЕК
 Apr 26, 2023  557

"Жаш жарандардын өнүгүүсү" коомдук фондунун өкүлү, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы, жаштар саясаты боюнча эксперт, бизнес-тренер, ЖАЙКАнын (JICA) стипендиаты, азыркы учурда Япония өлкөсүндө докторантурада билим алып жаткан ЖАМУнун бүтүрүүчүсү Учкемпиров Мураталы Осмоналиевич окуу жайыбызга келип, студенттерибизге “Эко-Студия жана Стартапкана жаштардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга инновациялык ыкма” долбоорунун алкагында тренинг өттү.  Долбоордун максаты жөнүндө сөз сүйлөп, жашыл экономика модели, үй чарбасында ресурстарды кайра иштетүү аркылуу жаратылышка терс таасирин азайтуу. Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарындагы жаштарды бул долбоорго тартуу менен экологиялык стартаптарды ишке ашыруу аркылуу жарандарыбыздын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатуу экендигине токтолду. Ал эми биздин фонд жаштар борборлорун өнүктүрүү менен алектенет, алардын республика боюнча 50дөн ашууну бар, анын ичинен Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы 30дан ашык борборлор фонддун көзөмөлүндө болуп, биздин негизги максатыбыз өлкөдөгү жаштардын жашоосун жакшыртууга көмөктөшүү, билим берүү жана социалдык долбоорлордун үстүндө иштөөгө, жаш лидерлерди, ыхтыярчыларды (волонтерлорду) жана активисттерди даярдоого умтулуу болуп эсептелээрин белгиледи.                                  

Иш чаранын жүрүшүндө “Экостудия жана  startup-кана-жаштардын экологиялык жоопкерчилиги үчүн инновациялык ыкма” долбоорунун  грантынын жеңүүчүлөрү өздөрүнүн кызыктырган суроолорун беришип, андан ары идеяларын келечекте ишке ашырылышы жана аны коомчулукка жеткирүү маселелери боюнча кызыктуу маалыматтарга ээ болушту деп билдирди – Б.Н.Алымкулов.

  • ДҮЙНӨНҮН ШАМЫ – БИЛИМ, ЖАШООНУН ШАМЫ – ЭМГЕК
  • ДҮЙНӨНҮН ШАМЫ – БИЛИМ, ЖАШООНУН ШАМЫ – ЭМГЕК
  • ДҮЙНӨНҮН ШАМЫ – БИЛИМ, ЖАШООНУН ШАМЫ – ЭМГЕК
  • ДҮЙНӨНҮН ШАМЫ – БИЛИМ, ЖАШООНУН ШАМЫ – ЭМГЕК
  • ДҮЙНӨНҮН ШАМЫ – БИЛИМ, ЖАШООНУН ШАМЫ – ЭМГЕК