AVN







КЕСИБИМ - БУХГАЛТЕР

КЕСИБИМ - БУХГАЛТЕР
 Apr 26, 2023  282

Экономика-юридикалык колледждин экономика ПЦКсынын окутуучулары Чекиргозова Гулбара, Калимбетова Элиз күнү экономика жана бухгалтердик эсеп адистигинин  2-3-курстарынын студенттери менен архив кызматынын Жалал-Абад региондук  башкармалыгынын бухгалтериясында болушту.

Практиканын базасында уюштурулган бул жолугушуу “Кесибим - бухгалтер” темасында өткөрүлдү. Тажрыйбалуу башкы  эсепчи Л.Б. Исакова жана материалдык эсепчиси С. Т Муркамилова студенттерге бухгалтердин милдеттериндеги жооптуу жагдайлар, кесиптеги жаңылыктар тууралуу кеңири форматта маек куруп беришти. Жолугушуунун аягында окутуучулар менен бухгалтерлер мамлекеттик жана окуу-таанышуу практикаларынын жүрүшүн талкуулашты.

  • КЕСИБИМ - БУХГАЛТЕР