AVN







НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
 Apr 26, 2023  271

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин жогорку математика жана математиканы окутуунун технологиялары кафедрасында иш берүүчүлөр менен 550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын 1-курстарынын математика, физика, информатика профили үчүн түзүлгөн НББП талкууланды.

НББПны талкуулоого катышкан иш берүүчүлөр: Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, М.Эгембердиев атындагы “Илим” билим берүү комплексинин директору Токтосунов Анарбек Адашевич, №4 гимназия мектебинин директору Мамырасулова Арал, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси Эргешов Шаирбек, №75 кесиптик лицейдин окуу иштери боюнча директордун орун басары Төрөбаева Залина, Сузак районундагы Г.Бакиева атындагы №24 мектептин директору Эрмеков Асан, №11 М.Орозалиева атындагы мектептин директору Азимбаев Кумарбек, № 75 Улугбек атындагы мектептин директору Тохтасинов Абдукодир.

Талкуунун жүрүшүндө жогорку кесиптик билим берүү мамлекеттик стандартында коюлган талаптарга ылайык иштелип чыккан негизги билим берүү программасы жана эксперименталдык окуу планы менен таанышып, кадр жетишсиздик көйгөйүн чечүүдөн улам келип чыккандыгын стейкхолдерлер айтышты, бирок мындай кадам кандайдыр бир мөөнөттүн ичинде натыйжасын берет, бирок ошол натыйжа оң болушу күмөн, анткени 4 жылдык мөөнөттө болочок мугалим 3 профилге тиешелүү дисциплиналар боюнча минималдык билимдерге ээ болуу жемиштүү болбойт деген ойлорду билдиришти. Андыктан, мектептик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарын да эске алып, болочоктогу адис жумуш ордун табуу менен бирге, компетенттүү мугалим катары даярдалып чыгуусу биздин келечектеги муундар үчүн зарыл деп айтышты.

  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ